Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

15:04 Чернобыль кырсыгын жоюудан жабыркагандар пенсияларын көтөрүп берүүнү суранууда


“Чернобыль кошууну” коомдук бирикмесинин өкүлү Эркин Кенжеевдин айтымында, учурда Чернобыль кырсыгын жоюудан ден-соолугунан ажыраган адамдардын айлык пенсиясы 800 сомду түзөт. Бул акча эч нерсеге жетпегендиктен улам “чернобылчылардын” пенсиясын жок дегенде орточо айлык маяна менен теңеп коюуну премьер-министр И. Чудиновдон сурандык деди Эркин Кенжеев бүгүнкү маалымат жыйында. Чернобыль кырсыгын жоюууга көбүнэсе армияда кызмат өтөп жаткан уландар чакырылып, алардын айрымдары эмгек жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Биз Коргоо министрлигинен ушундай адамдарга компенсация төлөп берүүсүн да талап кылуудабыз деп кабарлады уюмдун президенти Кадырбек Сасыкулов. 1989-1996 - жылдары Чернобыль АЭСиндеги капсалаңдын кесепеттерин жоюу иштерине 4500 кыргызстандык катышкан. Учурда бул адамдардын 1700нүн гана көзү тирүү, алардын басымдуу бөлүгү биринчи жана экинчи группадагы майыптар. (JTo)

XS
SM
MD
LG