Аны парламент төрагасы Адахан Мадумаров ачып, парламенттин ишин чагылдыруу укугуна 35 басма сөз каражатынын, 13 маалымат агенттиктеринин, 13 теле-радионун жана 13 эл аралык өкүлчүлүктөрдүн кабарчылары ээ болгондугун маалымдады. Парламент төрагасы журналисттерге ийгилик каалап, Жогорку Кеңеш менен маалымат каражаттарынын жемиштүү кызматташуусуна ишенимин билдирди. (ZKo)