Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:36

АРМЕНИЯДАГЫ ШАЙЛООДО САРКИСЯН ЖЕҢГЕНИ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы шейшембидеги президенттик шайлоодо премьер-министр Серж Саркисян жеңгенин билдирди. Комиссиянын маалыматы боюнча, Саркисянга шайлоочулардын 53%дайы ишенич көрсөттү. 2-орунга чыккан экс-президент Левон Тер-Петросян добуштардын 21 пайызынан көбүн алды. Бирок кечээ эле шайлоо ыплас өткөнүн айтып, кеңири нааразылык акцияларын өткөрөөрүн эскерткен оппозициячыл күчтөр ушу тапта Еревандын борборунда чогулууда.

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Серж Саркисян добуштардын 52,9%ын, өлкөнүн алгачкы президенти Левон Тер-Петросян 21,5%ын топтоду.

Парламенттин мурдагы төрагасы Артур Багдасарянга шайлоочулардын 16,6%ы ишенич көргөзүп, ал 3-орунга чыкты. Президенттик орун үчүн Арменияда 9 талапкер ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шейшембиде жаңы президент үчүн шайлоочулардын 70%дайы добуш берди.

Шайлоо өтүп жаткан чакта эле оппозициячыл кыймылдар алдын-ала толтурулган бюллетендерди таштоо, добуштарды сатып алуу, шайлоочуларга кысым көргөзүү, атаандаштардын жактоочуларын коркутуп-үркүтүү өңдүү олуттуу мыйзам бузуулар катталганын маалымдап, шаршембиден тарта көчө акцияларын баштаарын эскертишкен. Еревандагы кабарчыларыбыз ушу сааттарда башкы аянтка бир нече миңдей адам чогулуп, кечирээк баштала турган демонстрацияга улам жаңы кишилер кошулуп жатканын билдирүүдө. “Азаттыктын” армян кызматынын директору Храер Тамразян кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деген пикирде.

- Менимче, абдан курч тирешүү пайда болот. Чет элдик, жергиликтүү эксперттердин баары ушундай пикирин айтып жатышат. Тирешүү атүгүл башталды. Биздин кабарчылар ушу тапта Еревандын борборунда оппозицияны колдогон он миңдеген адамдар чогулуп, Левон Тер-Петросян аларга кайрылып, Армениядагы бийликти алмаштырмайынча, аянттан кетпөөгө үндөгөнүн маалымдашты. Ошол эле маалда армиянын атайын бөлүктөрү Еревандын башкы көчөлөрүнө жайгаштырылып, башка райондордон адамдар башкалаага келе албагыдай кылып жолдор буулду.

Байкоочулар Армениянын президенти болуп шайланган Саркисян мурдагы жетекчиликтин Орусия менен стратегиялык кызматташтык багытын улантаарын белгилешет. Конституцияны бузбай, 3-президенттик мөөнөттөн баш тарткан Роберт Кочарян бийликтин бир бутагын ээлеп калышы ажеп эмес, азырынча анын болочок кызматы, же ролу ачык айтыла элек.

Армениядагы шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан 300дөй, дагы башка эл аралык бирикмелерден жүздөгөн байкоочулар көз салып турушту. Алардын ичинен КМШлык байкоочулар озунуп, Армениядагы президенттик шайлоо эл аралык нормаларга шайкеш өттү деп жарыялашты. Кошумчалай кетели, КМШнын байкоочулар миссиясы буга чейин Грузиядагы шайлоодон башка жерлердеги добуш берүүнүн баарына ушундай баасын берип келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG