Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:19

8:10 Бүгүн «Кыргызстан Санта-Клаустун жергеси» аттуу эл аралык фестиваль жыйынтыкталат


Иш чаранын конокторун бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов кабыл алмакчы. Андан соң маданий жана социалдык багытта кызматташуу маселелерин талкуулаган жыйын өтүп, фестивалдын салтанаттуу жабылышы болот. Өткөн ишембиде башталган бул фестивалга 10дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Алардын арасында Европадагы Санта-Клаустар конгрессинин президенти жана КМШ мамлекеттеринин элдеринде аяздын символу болгон Аяз Ата, Дед Мороз, Корбобо жана Хаджи Фируз бар. Буга чейин иш чаранын алкагында Аларча мамлекеттик коругунда Санта-Клаустун келечектеги кышкы үйүнүн орду аныкталып, Чолпоната, Каракол шаарларында бир катар иш чаралар өттү.(SM)

XS
SM
MD
LG