Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

ДИНИЙ КЫРДААЛ ЖАРДЫН КЫРЫНА ЖЕТТИБИ?


«Кыргызстандын түштүгүндө, айрыкча Ошто миссионерлер абдан активдешип, өлкөнүн коопсуздугуна чындап коркунуч жаратууда. Бийликтин кайдыгерлиги, дин кызматкерлеринин чала сабаттуулугу кырдаалдын чукул курчушуна өбөлгө жаратып олтурат», - деп билдирди Оштогу жыйында Дин иштери боюнча мамагенттигинин директору Каныбек Осмоналиев. Укук коргоо органдары да дал ушундай пикирде. Ал эми мусулмандар муфтияты, дин талдоочулар мүчүлүштүн учугун башка жактан издөө керектигин айтып чыгышты.



Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги ашкере либералдуу, гумандуу экендигине токтолуп, анын айынан өлкө диний уюмдардын полигонуна айлангандыгын, айрыкча Ошто өтө кооптуу кырдаалдын түзүлүшүнө жергиликтүү бийлик башчыларынын, дин өкүлдөрүнүн кайдыгер мамилеси, ошондой эле 1991-жылы кабыл алынган мыйзамдын борпоңдугу себеп болуп жаткандыгын жарыя кылды.



- 91-жылкы мыйзада так, даана көрсөтүлгөн эмес. Мен азыр санап аткан көп агымдар каттоосу жок эле өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн ачык жүргүзүп келатат. Чет элдик борборлорунун миссионерлеринин иштерин эске алган эмес, алардын жактоочуларынын саны күндөн-күнгө көбөйүү менен бирге диндер арасында карама-каршылык күчөөдө. Кээде ар кандай жүйөөлөрдү айтып атышат, ага да макул болгуң келет. Кыргызстан диний уюмдардын полигону болуп калган, -деди Каныбек Осмоналиев.

Ал эми Ош облус губернатору Аалы Карашев кемчиликти моюндап, экстремисттик маанайдагы диний агымдардын күчтөнүшүнө акимдердин, мэрлердин кенебестигин, ошонун кесепетинен калк арасында үгүт-насаат иштери системалуу жүргүзүлбөй жаткандыгын жашырган жок. Көңүлкош мамиленин айынан Каракулжа районундагы мусулмандар менен евангелисттер ортосундагы чатак басылбай, тескерисинче ырбагандыгын мисал тартты.



- Бүгүнкү күндө облустун аймагында 700дөн ашуун мечит жана медреселер болсо, анын 554 гана мамлекеттик каттоодон өткөн. Райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилеринин бул багыттагы иштеринде бир топ кенебестиктер, маани бербестиктер жолугууда. Каракулжа районунда мыйзамсыз Евангелист, христиан, баптистер жыйын өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин иштөөдө. Бул өтө ойлондура турган маселе, - дейт Аалы Карашев.

Кыргыстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов Президент Бакиев өзү билсе да, молдолордун маяна маселеси эмдигиче оң жагына чечилбей, ошон үчүн иш аксап келаткандыгына басым жасап, миссионерлерге карата жазанын жеңилдигинен улам диний экстремисттер радикалдуу мүнөздө ачык аракеттенүүгө өтүшкөндүгүн, аларды эл аралык уюмдар каржылап турушкандыктан, кудайдан да коркпой калышкандыгын маалымдады.



- Кыргызстанда эгер исламды өнүтүргүсү келген кыргызстандык азамат болсо, мына муфтиатты, азаатты, молдолорду каржылабайбы. Мен муну президентке да айткам. Алар кайдан каржыланып атат, биздин банктар, эл аралык уюмдар аркылуу келип атат. Ушул маселеге терең көңүл буруш керек. “Хизб-ут Тахрирлердин” чоң бир киши болот, баланчиев баланча деп эмне үчүн жарыяланбайт, - деди Муратаалы ажы Жуманов.




Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шакир Зулимов Кыргызстандагы Хизбут-Тахрир диний партиясы аскердик канатын уюштуруп, куралданууга ыктагандыгын, дегеле миссионерлерге мамлекет тарабынан көзөмөлдүн таптакыр жоктугун, алардын катарында жер-жерлердеги чала сабат дин кызматкерлеринин алсыздыгын, Халифат курууга ниеттенгендерге сөзсүз аеосуз жаза чектөө зарылдыгын баса белгиледи:

- «Хизб-ут Тахрирди» биз боевой крыло деп коебуз, ошондой крылосу ачылган, кандай кылып миналарды, бактериялык оружие жасаш керек, аларды кайсы жерде колдонуу боюнча тарбия көрүп атышат.

Оштук талдоочу Жанарбек Матиев аймакта диний кырдаалдын мынчалык курчуп кетишин өлкө муфтияты өз иши менен алектенбестен, ашкере саясатташып, коррупция уюгуна айлангандыгынан көрөөрүн жар салды.

- Муратаалы ажы өзүңүз да саясатташып кеттиңиз. Акаевдин убагында аны мактап жүрдүңүз. Кечээ Досбол Нур уулу айтты, 17 жылдан бери муфтиат системасы коррупцияланып кеткен деп. Бул жер мафиянын уюгу болуп калыптыр, - деди Жанарбек Матиев жыйында.

XS
SM
MD
LG