Пентагон быйыл июль айында Ирактан беш бригада чыгарылгандан кийин ал жерде АКШнын 140 миңдей аскери калаарын билдирди. АКШ армиясынын генералы Картер Хэм Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны жайдын этегинде 32 миңге жетээрин маалымдады. Азыр Ооганстанда 28 миңдей АКШ аскери бар.