Аталган кыймылдын координациялык кеңешинин мүчөсү Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча азыр курултайдын мөөнөтү, өткөрүлчү орду жана курултайга катышуучу делегаттарды чакыруу тартиби талкууланып жатат. Курултайда негизинен өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууга алынмакчы. Жалпы элдик курултай өткөрүү тууралуу чечим кыймылдын 14-январдагы форумунда кабыл алынган. (ZKo)