Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

АЛИШЕР САИПОВДУН ЖАНЫН КЫЙГАН КЫЛМЫШКЕРЛЕР КАЧЫП КАРМАТПАЙ ЖАТАТ


«Журналист Саиповдун өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар эки киллердин фотороботун милициянын кээ бир жетекчилери шашылып маалымат каражаттарына жарыялап жибергендиктен, кылмышкерлер качып кетишкен. Эми аларды кармоо кыйынчылык туудурууда», - деп билдирди «Азаттыкка» ички иштер министирнин түштүктөгү орун басары Жеңиш Жакыпов. Алишер Саиповдун кесиптештери «Бул - жөн эле шылтоо. Ушинтип оңой кутулгулары келип жатышат. Эми башка журналисттердин өмүрүнө да коркунуч жаралууда», - деп кабатыр.

Ички иштер министирнин түштүктөгү орун басары Жеңиш Жакыповдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, журналист Алишер Саиповдун өмүрүн кыйгандар изи суутпай кармалмак. Тилекке каршы, бир-эки жетекчи чоңдорунун алдында мактана коем деп, маалымат каражаттарына киллерлердин сүрөттөрүн жарыялап жибергендиктен, кылмышкерлер качып кеткенге үлгүрүшкөн.

- Өзү дүйнөлүк практикада мындай болгон эмес. Кылмышка тиешелүүлөр кармалып же болбосо биротоло жок кылынмайынча, фотороботту маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыялоого, ошондой эле башка билдирүүлөрдү да таратууга тыюу салынган. Милициянын бир-эки чиновниги шашкалаңдап, отчет үчүн ушинте коебуз деп Алишер Саиповдун өмүрүн кыйгандардын качып кетишине өбөлгө түзүшкөн. Эми баарын кайрадан баштоого туура келип жатат. Бирок тигилерди кармоо кыйынчылык туудураары шексиз, - дейт Жеңиш Жакыпов.

«Кыргыз Туусу» гезитинин Оштогу өкүлү Жыпар Акунованын пикиринде, кылмышкерлерди качырып жиберишкени - жөн эле шылтоо. Ушинтип оңой кутулгулары келип жатышат. Мурун деле жергиликтүү кабарчы Эрнис Назаловдун табышмактуу өлүмүнүн бети ачылбай кала берген. Бүгүн журналисттердин өмүрүнө кайрадан коркунуч жаралууда. Себеби эркиндикте жазасыз тайраңдаган кылмышкерлер эртең Саиповдун башка кесиптештерине кол салбайт деп эч ким кепил боло албайт:

- Журналисттерди өлтүрүп кетүү биринчи жолу болгон жок. Мындан мурда Эрнис Назалов деген журналист өтүп кетти эле, ошол бойдон бети ачылба, ал иш жабылып кеткен. Азыр деле Алишер Саипов боюнча эч нерсе айтпай атышат. Журналисттердин тагдыры кыйын болуп атат. Мына Алишерге кол салды, эртең башка журналисттерге кол салбайт деп ким кепил боло алат, - деп кабатыр Жыпар Акунова.

Алишер Саипов менен үзөңгүлөш иштеген «Саясат» гезитинин кабарчысы Даврон Насибхановдун айтымында, милициянын тажрыйбасыздыгынан кылмышка шектүүлөр боштондукта жүрөт. Алар коңшу мамлекет менен мамилеге доо кетет деп коркпостон тергөөнү калыс алып барышканда, мындай болмок эмес. Ошентсе да, акыры жоруктун бети ачылат деген илгери үмүттө.

- Чындыгында, версиялар ордун тапкан жок. Милиция тажбрыйбасыздыгын ашкереледи. «Саиповдун көзүн неге таалашты? Буюртманы кимдер, кайсыл өлкөдөн беришкен?» өңдүү суроолорго жооп издеген киши болбоду. Мен ойлойм, али да кеч эмес. Биз доомат арткан жактарга басым жасалса, кылмыштын жүзү ачылып, кыргыз милициясынын коомчулук астында аброю көтөрүлөт деген үмүттөмүн, - дейт маектешибиз Даврон Насибханов.

Аймактык «Саясат» гезитинин башредактору 26 жаштагы Алишер Саипов 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарындагы кеңсесинин жанында атылып өлтүрүлүп, артында жапжаш аялы жесир, жалгыз кызы жетим калды.
XS
SM
MD
LG