Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Кыргыз-казак чегарасы боюнча макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун жаңы парламент кайра караары күтүлүүдө. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Чегараларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Саламат Аламанов жооп берди.

-Саламат мырза, жети жыл мурда эки президент кол койгон чегаралар жөнүндөгү макулдашууга ушул күнгө чейин кыргыз парламенти макулдук бере элек. Муну Таластагы, Чүйдөгү жана Каркырадагы чегара аймактарына байланыштырууда. Талаштын башы саналган Каркыра тууралуу сөз кылсак. Үзөңгүкууш сыяктуу эле Каркыраны дагы кыргыздар “биздики” деп эсептешет. “Манаста” дагы бул айтылган экен. Маселени чечүүдө кайсы документтерге таяндыңыздар?

-Кептин негизине келсек, тарыхын изилдеп көргөндө, Каркыранын аймагында кыргыздар менен казактардын ортосунда биз совет мамлекетине киргенден тартып бир дагы жолу жер талашуу боюнча чыр болгон эмес экен. 1930-жылы улуттук чегараларды бөлүүдөн кийинки мезгилде, казактар дагы, кыргыздар дагы Орусиянын карамагында автономиялык республика болуп турган экенбиз. 1930-жылы Бүткүл Россиялык аткаруу комитетинин токтому менен кыргыз автономиясы менен казак автономиясынын ортосунда чегара жөнүндө токтом чыгат.

Мына ошол токтомдун негизинде Каркыра жайлоосу “эки республиканын биргелешип пайдалануучу аймагы” деп аныкталат дагы, бирок экөөнүн ортосундагы административдик чегара катары ошол учурдагы уездердин ортосунда чегара кабыл алынат. Ошол чегаранын негизинде, азыркы айтылып жаткан аймактагы чегара күңгөй тоосунун тумшугуна жетип туруп, Санташ ашуусуна түшөт дагы, ошондон Каркырадагы Жарманкеге кетчү жолдун ортосу менен өтөт деп берилип, ошол жол менен түз барып, Каркыра суусуна жетет дагы, андан жогору кетет экен.

Азыркы көтөрүлүп жаткан маселе “казактарга берилип кетти” деген жер. Анын аймагынын аянты 630 гектар жер. Ошол учурда чындыгында бизге караштуу болуп калган. Бирок бүгүнкү күндө биз ошол жерди казактарга өткөрүп, анын ордуна алган жерибиз Санташ ашуусунан жанындагы Талдыбулак жана Кылчыкбай деген эки суунун ортосундагы жерлер. Анын аянты 1150 гектар. Бул жер Санташ ашуусунун жанында, ошол айыл өкмөтүнө жакын. Жерлердин сапатын айта турган болсок, казактарга берген жер, биз алган жерге караганда 200 метр бийигирээк жатат. Эки жер тең тегиз, экөө тең жайлоо. Бирок бизге өткөн жер жапыз жаткандыктан анын климаттык шарты дагы, жалпы биологиялык жактан дагы бир топ жакшыраак.

-Саламат мырза, чегара маселесинде казак тарап бөлүнгөн, делимитация болгон жерге жакындаштырып чек ара бекеттерин коюп алды деп жатышат. Кыргыз тарап ратификация жасай электе ушундай кылганга эл аралык нормада кандай айтылат экен? Бул кандай каралат?

-Чындыгында ушул бекетти алар шашылыш коюп алган. 30 чакырым эмес, 8 чакырым бери жакка өткөн. Бирок ал эки аймактын бири-бирине өтүп, алмашышына байланыштуу ушундай жасап койгон экен. Негизининен ал бекетти мурдагы ордунда койгон болсо деле, азыркы ордунда турган болсо деле элдин катнашына эч кандай таасир тийгизбейт.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG