Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

АКСЫ ЖАРААТЫ: СУЛТАН УРМАНАЕВДИН АША ЧАПКАН АЙЫБЫ БАРБЫ?


Жалалабатта Аксы окуясы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/02/E1803892-F914-4F22-9A78-F76A87F4C922.asp боюнча айыпталып жаткан облустун мурдагы губернатору Султан Урманаевдин үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Бул күнү сотто Урманаев менен президенттик администрациянын мурдагы башчысы А.Карыпкуловдун тергөөдө беттештирилиген көрсөтмөлөрү окулду.

Жогорку Кеңештин 2002-жылдагы депутаты жана облустук социалдык коргоо башкармасы Тойгон Калматов жана башкалар күбө катары көрсөтмө беришти. Султан Урманаев 2002-жылдын 26-февралында облустун 12 мекемесинин жетекчиси менен 16-мартта нааразылык акциялары болуп жаткан Аксы районуна бармак болгон. Бирок эки жолу тең президенттик администрациянын башчысы Аманбек Карыпкулов тыюу салган. Урманаевдин отчетун уккан ошондогу Эл өкүлдөр палатасы да ага эч кандай айып тага алган эмес. Ошондогу жетекчилердин бири Тойгонбек Калматовдун соттогу көрсөтмөсү боюнча жергиликтүү бийлик ээлери президенттик администрация башчысына баш ийүүгө милдеттүү болчу:

- Карыпкулов менен сүйлөштүм, ал киши барбай эле кой, ал жерде сенин кыла турган ишиң жок, тескерисинче тоскоол болосуңар деп айтты, эмне кылышыбыз керек деди. Сиздин ой пикириңиз кандай десек, президенттин администрациясы айтып аткандан кийин барыштын кереги жок окшойт деди. Мен айттым, туура, кийин дагы сөз болуп кетпесин. Ошондуктан президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Карыпкуловдун установкасы боюнча ошол күнү бара тургандар барбай калды. Мен бул боюнча Акаев менен жолугушуу болгондо дагы айткам.

Урманаев облусту башкарган кезде адам укугун кадырлаган, деп эсептейт Жалалабат шаардык билим берүү башкармасынын өкүлү Шарипа Жоробаева. Анын айтымында, балдар бакчалары туура эмес менчиктештирилип кетти деп түрдүү жакка билдиргени үчүн куугунтук жегенде анын укугун губернатор коргоп калган. Жоробаеванын көрсөтмөсү боюнча сотто башка жетекчилер да жооп берүүсү керек болчу:

- Ошол бийликте башында тургандар калып эле, ал деле эсимде бар, телевизордон көрсөтүп аткан учурда Султан Исакунович "крайний" болуп калган. Азыркы учурда да ошондой болуп жатат. Эмне үчүн Карыпкулов мырза жоопко тартылбайт. Акаевдин учурунда, азыркы учурда дагы башында тургандар жок эле, орто жолдо аткаруучу кишилер жоопко тартылып калган.

Сотко төрагалык кылган Бишкек гарнизондук аскер сотунун төрагасы Жакыпбек Бектемиров тергөө маалында беттештирилген Урманаев менен Карыпкуловдун көрсөтмөлөрүн окуп берди. Ага ылайык Карыпкулов 2002-жылдын 26-февралында Урманаев сексен ОМОН сураган деп тергөөчүгө көрсөтмө берген. Ал телефон аркылуу 15-мартта губернатор менен сүйлөшкөндө ошол кезде Акысынын Карасуу айылында жүргөн укук коргоочу Турсунбек Акунду Кербенге, же бейтарап айылга чакырып сүйлөшүүнү табыштаган.

Мен аны президентке кийирбей койсом, Урманаев ага телефон чалса, же кат жиберсе болмок. Ал мени каралагысы жана жоопкерчиликтен качкысы келип жатат, - деген Аманбек Карыпкулов.

Бирок экс-губернатор ОМОНдун 80 жоокерин сурабагандыгын, Карыпкулов туура эмес көрсөтмө бергенин билдирди. Ал облусту кыдырган кезде милициянын өзгөчө багыттагы жоокери тургай мамлекеттик автоинспекциянын коштоп жүрүүсүнө каршы болгон:

- Жалалабаттыктар билет, мен убада бермек түгүл, келгенде эле коштоп жүрүүгө макул болгон эмесмин. 15-мартта мен ГАИ, спецназ менен жүргөн эмесмин, бир гана машине менен айдоочу экөөбүз эле жүрчүбүз. Кайдагы ОМОнду айтып атканын билбейм, бул Карыпкуловдун фантазиясы.

Областтык прокуратуранын өкүлү, мамлекеттик айыптоочу Жамила Туражанова анын айыпты Карыпкуловго шылтаганы менен макул эмес:

- Карыпкулов айтып атат, эч кандай мага тыюу болгон жок, маалымат деле берген жок деп. Облустун губернатору катары өзүнүн аймагында кырдаалды эптей алган эмес деп атат. Сиз буга эмне дейсиз? Карыпкулов запрет кылды, ошон үчүн барган жокмун деп атасыз. Балким сиз барганда абал башкача болуп калмак.

Сот 29-февралда дагы улантыла турган болду. Анда жарыш сөздөр сүйлөнүшү ыктымал.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG