Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Арменияда чукул абал киргизилди


Буга байланыштуу жардыкка өлкө башчысы Роберт Кочарян кол койду. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай чукул кырдаал абалы 20-мартка чейин уланат. Кечээ оппозициянын мөөнөтсүз митинги күч менен таратылган соң полиция менен демонстранттар ортосунда кагылышуулар орун алган. Кабарларга ылайык, кагылышууларда бир адам набыт болуп, дагы бир нече адам жаракат алды.

19-февралда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип, оппозиция тарапкерлери 11 күндөн бери Ереванда митинг өткөрүп келген. Кечээ президенттик шайлоодо оппозиция атынан талапкер болгон Левон-Тер-Петросян полиция тарабынан кармалып кетип, үй камакка алынгандан кийин полиция демонстранттарды күч менен тараткан. Кечке жуук митингдин катышуучулары кайрадан борбордук аянтка чогулуп, нааразылык акциясын уланткан.

19-февралдагы президенттик шайлоодо өкмөт башчы Серж Саркисян утуп чыккан. Аны кызмат мөөнөтү бүткөн азыркы президент Роберт Кочарян да колдогон. Оппозиция шайлоонун расмий жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирип, мөөнөтсүз митинг уюштурган.

XS
SM
MD
LG