Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

"АК ЖОЛДУ" МАМЛЕКЕТТИК КАМКОРДУККА АЛГАН АТЫШАТ


Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар менен чыккан жатат. Анда парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуш алган партияларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, саясий партияларды сапаттык жагынан жетилтүү жолдору каралган.

Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутаттар Зайнидин Курманов, Искак Масалиев, Алишер Сабиров жана Динара Молдошева иштеп жатышат. Долбоор март айынын ичинде Мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук комитетинин кароосуна берилип, соңунан парламентке сунушталары күтүлүүдө.

Депутат Динара Молдошеванын айтымында, долбоорго ар бир партиянын облусттарда, Бишкек, Ош шаарларында 200дөн кем эмес мүчөсү бар өкүлчүлүгү болушу керек деген жобо киргизилүүдө. Ал эми партия ар бир аймактан элүүдөн кем эмес мүчөсү болгон шартта гана саясий уюм катары негизделип, каттоодон өтө алат. Ошондой эле долбоорго депутаттар тобу парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен партияларды мамлекет тарабынан каржылоо эрежесин киргизгени жатышат:

- Мисалы, шайлоонун жыйынтыктары боюнча эгерде 5% алган партиялар парламентке өтсө, бюджеттен мамлекеттик каржылоо болсун деп атабыз. Бул мамлекетке жаңылык болуп атат, бирок көптөгөн Европа мамлекеттеринде, Россияда, Казакстанда шайлоо жыйынтыктары боюнча саясий партияларды мамлекеттик каржылоо деген норма бар.

Каражаттын өлчөмүн авторлор жалпы депутаттардын эркине коюуда. Анткен менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай өзгөрүү партиялар арасындагы чыныгы атаандаштыкты түзө албайт, монополиялык башкарууга көмөктөшөт дейт:

- Адатта мамлекеттик каржыны бардык партияларга бербей, шайлоочулардын кандайдыр бир бөлүгүнүн процентин алган партияларга берет. Бул деген сөзсүз түрдө парламентке кирген партиялардын эмес, көпчүлүк өлкөлөрдө бир процент, эки процент деген чектер коюлат. Анткени парламентке кирбеген партияны да өкмөт колдошу керек да.

«Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзам долбооруна киргизилип жаткан жогорудагыдай өзгөрүүлөр талдоочулар тарабынан талдоого алына баштады. Бир топтору депутаттык топтун алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алып жаткандыгын колдоп жатышат.

Бирок Кыргызстандын өңүтүндө ал кандай ишке ашары бүдөмүк. Маселен, 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун тыянактарын эске алган саясат таануучу Марат Казакбаев мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдү колдойт. Бирок талдоочунун оюнда мындай өзгөрүүлөргө жетүү үчүн шайлоону административдик күчкө салбай өткөрүүгө жетишүү зарыл дейт:

- Мына оппозиция өтпөй калды. Мен деле мониторинг кылгам. «Ата Мекен» жок дегенде экинчи орунга келиши керек эле. Бизде көбүнчө мыйзам бузуу болуп атпайбы. Ошондуктан бизге жүз процент чет өлкөлүк тажрыйба кире албайт. Маселен, «Ата Мекен» өтпөй калганы менен, анын колдочулары күчтүү, эл ичинде жашап кала берет. Ошон үчүн шайлоону таза жүргүзүш керек. Оппозиция өтүш керек. Ошондо дүйнө практикасы менен салыштырса болот.

Марат Казакбаев азыркы парламентке келген партияларды чынчыл күрөштүн жана элдик чыныгы тандоонун натыйжасында келди деп эсептебейт. Учурда иштеп жаткан «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзам 1999-жылы кабыл алынган.

Акыркы он жылда саясий партиялардын саны кыйла өстү. Юстиция министрлигинин эсеби боюнча азыр Кыргызстанда жүздөн ашык партия бар. Алардын ичинен парламенттик шайлоодо он эки партия ат салышып, президент Курманбек Бакиев негиздеген «Ак Жол» партиясы 71 орунду алып, парламенттик көпчүлүктү түзүп калды. Калган орундарды алган социал-демократтар жана коммунисттер өздөрүн конструктивдүү оппозициянын катарында санашат. Таасирдүү оппозициялык партия саналган «Ата Мекен» партиясынын кирбей калышын бийликтин аракетинин жемиши катары бааланып келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG