Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

8:30 Аксы окуясынын алты жылдыгына карата болуучу Элдик сотко чакыруу таратылууда


Бул тууралуу Аксылык жабырлануучулардын адвокаты, Элдик соттун айыптоочусу
Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда 2002-жылы Аксы каргашасын иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук жана парламенттик комиссиялар белгилеген 42 адам 2002-жылдын 17-18-мартындагы кан төгүүгө жоопкер катары чакырылган. Алардын ичинде мурдагы президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен, азыркы президент Курманбек Бакиев жана ошол убакта бийликте отурган бардык аткаминерлер бар. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, дарыгерлер, милиция кызматкерлери болуп, дагы элүүдөн ашуун жаранга күбө катары Элдик сотко чакыруу даярдалган. Аксы окуясына байланыштуу Элдик сот үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Бозпиек айлында, Аксы курмандыктарына тургузулган эстеликтин алдында болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG