Учурда мындай борборлор Ысыккөл облусунда гана бар. Эми, ички иштер министрлиги бүт республика боюнча мындай жайларды ачууну пландаштырууда. Коомдук-профилактыкалык борборлор кылмыштарды алдын алуу, тартип коргоо кызматкерлеринин калк менен жана бейөкмөт уюмдары менен байланышын күчөтүүгө жардам берет. Мындан тышкары ички иштер министрлигинин кызматкерлери жер-жерлерде кылмыштуулукту азайтуу максатында семинарларды өткөрүшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.(AiJu)