Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Арменияда оппозициянын 30 активисти камалды


Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар өткөн аптада орун алган баш аламандыкка катышы бардыгы үчүн камалган. Анда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан сегиз адам каза тапкан эле. Мындай окуя оппозициянын Ереванда өткөрүп жаткан демонстрациялары он күндөн ашып калгандан кийин, 1-мартта болуп олтурат. Демонстранттар өкмөттү өткөн айдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганы үчүн айыпташкан. Шайлоого тогуз талапкер катышып, өлкөнүн премьер-министри Серж Саркисян жеңип чыккан эле.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG