Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

МЕЗГИЛ АГЫМЫНАН АРТТА КАЛБА, ЖУРНАЛИСТ!


Жакын арада Кыргызстан санарип ыкмасына өтсө, массалык маалымат айдыңында чет элдик маалымат каражаттары үстөмдүк кылып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу медиа өкүл Шамарал Майчиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда замандын талабына жараша жергиликтүү журналисттердин кесиптик деңгээлин эл аралык стандартка көтөрүү зарылчылыгы келип чыкты. Ал эми УТРКнын кызматкери Рахат Сулайманов республикада эл аралык деңгээлге көтөрүлүп калган журналисттер бар экенин, бирок техникалык жактан али чечилбеген маселелер аз эместигин белгиледи.

Медиа өкүлдөрүнүн баамында, теле берүүлөр санариптик системага өтсө жыштыктар көбөйүп, дүйнөлүк телеберүүлөрдү Кыргызстандын аймагынан кармап, каалаган каналды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок «санариптик технологияга өтсөк маалымат айдыңында чет элдик массалык маалымат каражаттары үстөмдүк кылып кетиши мүмкүн, себеби республикадагы телекомпаниялардын берүүлөрү, журналисттердин деңгээли эл аралык стандартка ылайык келбейт», деген кооптонуусун билдирди медиа өкүл Шамарал Майчиев:

-Бүгүнкү күндө биздеги массалык маалымат каражаттары бирин-бири карап стандарттарын көтөрбөй, кээ бирде калп-чынды койгулаштырып жиберишет да. Эл аралык журналисттердин стандарттына өз кесиптерин, жаңылыктардын сапаттарын көтөрбөсө, анда маалымат алуучулар эл аралык үлгүдө иштеген электрондук маалымат каражаттары же радио маалымат каражаттары аркылуу берилген сапаттуу, оперативдүү маалыматтарды угушуп, башка жакка көңүлдөрүн буруп кетиши мүмкүн.

Шамарал Майчиев белгилегендей чет элдик маалымат каражаттарына атаандаштык иретинде өлкөдөгү электрондук маалымат каражаттары менен телекомпаниялар эл аралык стандартта иш алып барып, сапаттуу маалыматтарды, кызыктуу берүүлөрдү берүүсү зарыл. «Болбосо санариптик системада, мисалы Африкадагы бир мамлекеттен эле жеке телекомпания биздин маалымат айдыңыбызга үстөмдүк кылып кетиши мүмкүн. Себеби массалык маалымат каражаттарындагы атаандаштыкты эстен чыгарбоо керек»,-дейт Майчиев.

Улуттук телерадио корпорациясынын «Алатоо» маалымат-аналитикалык берүүсүнүн баш редактору Рахат Сулаймановдун көз карашында УТРК, 5-канал, Пирамида телекомпанияларынын техникалык жактан мүчүлүштүктөрү болбосо журналисттер эл аралык деңгээлге көтөрүлүп келатат:

-Эгерде техникалык жактан заманбап техникалар менен камсыздалып, техникалык маселелер чечилсе эле журналисттер эл аралык стандарт менен иштөөгө даяр.

Сулаймановдун айтымында, УТРК эл аралык деңгээлге көтөрүү үчүн берүүлөрдүн сапатын, журналисттердин кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында реформаларды жасап жатат.

Ал эми медиа өкүл Шамарал Майчиев массалык маалымат каражаттарынын техникалык жактан эле эмес, журналисттердин дагы кесиптик деңгээли эл аралык стандартка жетише электигин, ал үчүн журналисттерди Би-Би-Си жана башка дүйнөлүк компанияларга жиберип тажрыйба алмаштыруу, жогорку окуу жайларда сабак берүүнүн деңгээлин жогорулатуу зарыл, деп эсептейт. Анын көз карашында жеке телекомпаниялардын ээлери жеке эле каражат табууну көздөбөй, маалымат айдыңындагы атаандаштыкка туруштук берүүнү эстеринен чыгарбоосу зарыл.

Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова аталган окуу жайда журналисттерди эл аралык деңгээлде окутуу аракеттери көрүлүп жатканына токтолду:

-Учурда журналисттерди эл аралык стандарт менен окутууга көп көңүл бурулуп жатат. Мурда совет биримдиги кезинде жалпысынан эле журналисттик адистик окутулса, азыр биз парламенттик журналист, экологиялык, экономикалык журналист, теле журналист, радио журналист деп адистештирген программа иштеп чыканбыз. Мына ошол программа менен студенттерди окутуп, УТРК жана башка маалымат каражаттарында практикадан өткөрүүдөбүз. Белгилей кетүүчү нерсе, ректордун демилгеси менен университеттин базасында телерадио-фото студиясын өзүбүздүн күчүбүз менен ачып жатабыз.

Алтын Асанова студенттерди жаңыча окутуп, тажрыйба менен теорияны айкалышытыруу багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп жатканын, санариптик технологиянын шарттары боюнча окутуу иштери башталганын баса белгиледи.
XS
SM
MD
LG