Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

АЗАМАТ АЛТАЙ ЭНЕ ТИЛИН САГЫНЫП, КУСА БОЛООР ЭЛЕ...


Маектешкен Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат “Азаттык” үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азамат Алтай чет өлкөдө жашап, иштеп жүргөндө эне тилинин барк-баасын өтө барктап, аны өркүндөтүүгө дайыма жан үрөгөн. Мындай пикирин ал “Манас” дастанынын миң жылдыгы майрамдалып жаткан учурда жолугушкан Балыкчы шаарынын прокурору Аскар Саякбаевге айтып берген. Учурда адвокат Аскар Саякбаев Жалалабатка келгенде "Азаттыктын" кабарчысына эне тилдин борбор жана элет жерлериндеги абалы жана орус тили тууралуу да ойлорун айтты. А.Саякбаев менен Ырысбай Абдыраимов баарлашты.

- Аскар агай, сиз Азамат Алтай аба менен кайсы жерде кандай кырдаалда таанышып калдыңыз?

- 1995-жылдын август айы болуш керек эле, анда кыргыз эли улуу эпосубуз “Одиссея”, “Иллиададан” да бир канча эсе чоң Манас абанын миң жылдыгын майрамдап жүргөн кез эле. Мен үй-бүлөм менен филармониянын артынан бара жаткам. Менин алдымдан генерал Чотбаев, көрүнүктүү жазуучу Бексултан Жакиев, анан кийин узун бойлуу, толукча келген аксакал, дагы бир жапалдаш бойлуу бир адам келе жаткан экен.

Мен Бексултан Жакиевди тааныйт элем, ал киши жана Чотбаев менен учурашып калдым. Анан алар “бул киши Жусуп Мамай атабыз, Кытайдан атайын майрамдоого келди, бул киши Азамат Алтай” деп жанагы агамды тааныштырып калды. Мен анда Балыкчы шаарынын прокурору элем. Ошол мезгилде мурунку Совет көчөсүндө китепкана ачылган. Ошол китепканага бардык. Сыртка чыга калсам, Азамат Алтай эки келин менен сүйлөшүп турган экен. Мен жакындаганда мындай деп сөзүн угуп калдым, 60тан ашкан абаңды ушинткениң жарайбы деп, мени карап келдиңерби дегендей кылып калды. Ооба биз да келдик бул жака аба дедим.



- Жолугушкан маалыңызда Азамат Алтай сизге эмне тууралуу кеп салып берди?

- Кыскасы менин прокурор экенимди билди да ал киши. Анан “мен кыргыздардын биринчи эле курултайына келмекмин, чет элде мага КР кылмыш кодексинин 180-статьясынын 2-бөлүмү боюнча токтом жибериптир” деди.



- Ал эмне деген статья?

- Ал “далилдин жетишпестигинен кыскартып койгон” деген. “Мен ушул токтомду алып келсем, ал мезгилдеги бийлик аэропорттон тосуп, камап кое тургандай болчу. Ошондон мен чочулап келген эмесмин. Азыр 6-пунктунун 2-бөлүмүнөн токтом жибериптир”, - дейт. Бул “баягы бир учурларда козголгон кылмыш иштин анын аракетинде, же аракетсиздигинде кылмыштын курамы жок, сиз аксыз” деген токтом. “Мына токтомум чөнтөгүмдө турат, келип калдым. Кыргыздын тилинен айланайын. Мен чет элде кыргыз тилимдин аркасы менен оокат кылып, кызмат жазап жүрбөймбү” деп ал кишинин айтканы менин эсимде.

Ал киши менен сүрөткө түшкөм, сүрөтү үйдө альбомдо сакталып турат. Бул дагы болсо демократиянын салтанаты, көзү жок болсо дагы мен ал кишини эскерем, караңызчы “кыргыздын тилинен айланайын” деп айткан сөзү эмне! Мына ошон үчүн мен толкунданып, ал кишинин тегерегинен кете алган жокмун.

“Мен айылга барам, ага-туугандарыма жолугуп анан кетем, мүмкүн кайрылам” деди. Мына, ал кишинин көзү өтүп кетти. Эми кыргыз тилин чет элде ушунчалык даңазалап, ошол жактан радиостанция ачканы бул чоң иш. Бул кишинин топурагы торкоо, жаткан жери жайлуу, Кудай бейиштен орун берсин. Кыргыз элинин эркиндиги, азаттыгы үчүн көп кызмат кылган чыгар.

- Эскерүүңүзгө рахмат.

XS
SM
MD
LG