Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

ГАЗДЫН ЖЫТЫ УКРАИН ПРЕЗИДЕНТИН АСТАНАГА АЛЫП КЕЛДИ


Амирбек Усманов, Прага Украина президенти Виктор Ющенко Астанага ырасмий сапарга келди. Бир ай мурда мерчемделген визит учурунда Украина-Казакстан ортосундагы кызматташуу жана отун энергия маселеси талкууланат. Россиянын “Газпром” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/CC50FEA6-45FB-4ADE-8507-6AF90AF20F18.ASP компаниясы дүйшөмбү күнү Украинанын карызына шылтап, өлкөгө газ берүүнү 25 процентке кыскартып койгон эле. Ошондуктан серепчилер Ющенко учурдан пайдаланып, газ сатып алуу жагын бышыктап кетет дешет. Ошол эле учурда Казакстан да Украина менен өнөр жай тармагындагы кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экени айтылууда.

Президент Виктор Ющенко ырасмий түрдө Астанага “Украинанын Казакстандагы жылын” ачууга келди. Бирок визит Киев-Москва ортосундагы кезектеги газ чатагына удаа келгендиктен, Ющенко Астанада мунай-газ маселесин кыя өтпөсүн айкын кылууда. Ал үчүн, украиналык серепчи Владимир Омельченконун сөзүнчө, жагдай оңдой берди болуп турат:

-Казакстанда мунай өндүрүү өсүүдө. 2011 же 2012-жылы Кашаган мунай кени иштей баштаганча, Украина жагдайдан пайдаланып, сооданы бышырып коюушу абзел.

Газ чатагы Украинада саясый проблемага айланып, Виктор Ющенко менен премьер-министр Юлия Тимошенконун коалициясына коркунуч да туулду.

Лондондогу Jane изилдөө борборунун талдоочусу Матью Клементс да отун энергиясы-Ющенко казак жетекчилиги менен өткөрчү сүйлөшүүдө башкы тема болот деп ишенет:

- “Газпром”-Украина арасындагы талаш отун энергия маселесин башкы темага чыгарды. Азыркы проблемалар Украина үчүн Россиядан башка да энергия булактарын табуу болочоктун маселеси экенин көрсөттү. Андай булактын бири, арийне, Борбор Азия.

Бирок Борбор Азия газы Украинага азыр Россия аркылуу ташылат. Каспий деңизинин асты аркылуу өтчү боро качан курулары белгисиз. Мындай шартта, Казакстандын мунай ташууга ылайыкташкан кемелери карай майды Бакуга чейин жеткирип бериши мүмкүн.

Алматылык серепчи Борихан Нурмухаммедовдун пикиринче, Ющенко Астанага отун энергиясынан тышкары саясый колдоо да издеп келген:

Менин оюмча, Украина бүгүн Россия менен болгон айрым талаштуу маселелерди чечүүдө Казакстандан колдоо тапканга аракет кылат. Бул биринчиси. Экинчиден, ар качан Украина-Россия арасында маселе жаралса, Украина өнөр жай продукциясынын чоң керектөөчүсүн бири болгон Казакстанга кайрылат.

Жакында эле Казакстан, Түркмөнстан жана Россия Каспийди бойлой Россияга чыккан дагы бир боро курууну макулдашкан. Бирок президент Назарбаев Россиядан башка да транзиттик жолдорго кызыкдар экенин жашырбайт. Андыктан, казак лидери президент Ющенко менен Баку-Тбилиси-Жейхан кууруна кошулуу жагын талкуулары күмөнсүз дешет талдоочулар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG