Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

14:55 Д.Сарыгулов: Декабрдагы парламентке шайлоо аймактык бөлүнүүнү күчөттү


Бул келечекте өлкө бүтүндүгүнө чоң коркунуч туудурары мүмкүн, деп билдирди коомдук жана саясий ишмер Дастан Сарыгулов “Азаттыкка” берген маегинде. Анын айтымында, "Кыргыз элинин кайра жаралуу тилектештиги" уюштурулду. Анда негизги маселе “элди өлкө башкарууга катыштыруунун жолун табуу зарыл. Эгерде эл колдобосо бир дагы бийлик, президент, саясатчы өлкө абалын бүгүнкү туңгуйуктан чыгарып кете албайт. Экинчиден эл биримдиги, журт ынтымагы бардыгынан бийик бааланып, таанылышы керек. Үчүнчүдөн алты миң жылдан бери кыргызды сактап келген натыйжалуу коомдук түзүлүштү, башкаруу тажрыйбаны четке какпоо керек”,-дейт Сарыгулов. Анын пикиринде жогорудагы үч суроо туура чечилсе өлкөнүн өнүгүү жолу даана көрүнүп калчуудай болуп турат.

XS
SM
MD
LG