Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

КУПУЛГА ТОЛБОГОН КУМТӨР КЕЛИШИМИ


Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров Кумтөр --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/02/CEB73800-02FE-42EF-AEB9-40240827C57B.asp боюнча канадалыктар менен сүйлөшүү «нөлдүк» деңгээлде турганын билдирди. Канадалык «Центерра Голд инк» компаниясы болсо сүйлөшүүлөрдү аяктоого 30-апрелге чейин мөөнөт койгон. Депутаттар Кубанычбек Исабеков менен Алишер Сабиров болсо Кумтөрдү толук мамлекетке кайтарууну караштырган мыйзам долбоорун парламентке алып чыгышаарын билдирүүдө.

Мурунку өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Акылбек Жапаров башында турган жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандын «Центерра голд инктеги» үлүшүн 15% көбөйтүп, жалпы көлөмүн 30% ашырууга жетишкен.

Бирок мурунку парламент ал келишимди жактырууда баш тарткан. Ал эми азыркы Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялоону кечеңдетүүдө. Ал эмес айрым депутаттар, келишим кайра каралып чыгыш керек, Кумтөр толук мамлекетке кайтарылыш керек деген да ойлорду айтууда.

Жогорку Кеңештин эл аралык байланыштар жана парламенттер аралык кызматташуу комитети келишимди кароого өткөн айда киришип, бирок маселени парламенттин кароосуна алып чыккан жок. Бул комитеттин төрагасынын орун басары Кабай Карабековдун билдирүүсүнө караганда, маселенин каралбай калуусуна үч документтин жетишпей калышы себеп болду. Өкмөт жетишпеген документтерди 15-мартка чейин парламентке алып келүүгө тийиш. Андан кийин келишим каралат. Карабековдун пикиринде, жаңы келишим бүгүнкү күндө максималдык жетишкендик:

Бүгүнкү күнгө карата бул максималдык жетишкендик. Ошого токтолуп, келишимди ратификациялашыбыз керек. Андан кийин сүйлөшүүнү улантсак болот. Эгерде бул макулдашууну кабыл албасак, анда уттурабыз.

Канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзгөн өкмөттүк делегациянын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков Кумтөр боюнча саясий оюндар болуп жатканын белгилеп, буларга токтолду:

Эгерде алар ушинтип кыйшалаңдап отуруп, жаңы келишимди бузуп, бирок анын ордуна азыркы келишимди жок дегенде 1% жакшырта ала турган келишим алып келе албаса, анда жоготулган пайда үчүн аларды сотко берсе болот. Өлкө жоготкон пайданы алар ордуна келтирип бериш керек. Келишим иштебей, алтындын баары кетип жатабы? Кетип жатат. Ар бир күнкү алтындан жоготуу үчүн кылмыш иши ачса болот.

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев да келишимди ратификациялоо Кыргызстан кызыкчылыгында деп эсептейт:

Бул деген 1 миллиард активибиз болду дегендик. Бул эмне жаманбы? Анын ичинен 32 миллион акция кошулду. Бул деген 500 миллион доллар. Мына он жыл бою 6% гана салык төлөнүп келген. Азыр 12% жеткирип жатабыз. Ысыккөлгө жылына 1% сатылган продукциядан түшө турган болуп жатат. Бул 6-7 миллион доллар. 11 жылда 1 миллион 200 миң алып, анын 1 миллионун таппай жатабыз ушул кезге чейин. Анан мындан артык кандай пайда керек Кыргызстанга? Ушундай келишимди өткөзбөй аткан адамдарды кыргыздын кызыкчылыгын ойлойт деп айтса болобу? Болбойт.

Бирок Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Кумтөр кени толук мамлекетке кайтарылыш керек деген позицияда турууда. Ал үчүн депутат Алишер Сабиров менен биргеликте мыйзам долбоорун жазышканы кабарланган. «Мындай шартта соттошуу болот. Ал эми эл аралык соттордо биз утушубуз мүмкүн эмес. Андан калса сот көп жылдарга созулуп, биз өз пайдабызды көрбөй калышыбыз турган иш»,- деп эсептейт Ишенбай Кадырбеков.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG