Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Францияда кечээ муниципалдык шайлоонун биринчи айлампасы аяктады


Алгачкы маалыматтарга караганда анда солчул партиялар ийгиликке жетишти. Алар 47 процентке жакын добуш алышты. Ал эми президент Николя Саркозинин башкаруучу партиясы оңчул өнөктөштөрү менен бирге 40тей добуш топтошту. Өлкөнүн эң ири эки шаары – Париж менен Лион солчулдардын көзөмөлүндө калат. Мындан тышкары алар Марселде, Страсбургда жана Тулузада да көпчүлүк орундарды алышы мүмкүн деп айтылууда. Шайлоонун экинчи айлампасы 16-мартта болот.

XS
SM
MD
LG