Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

АКШ ПОЛШАГА АСКЕРИ ЖАКТАН КӨМӨКТӨШӨТ


Полшага АКШнын ракетадан коргонуу базасы жайгаштырылат,Варшава болсо өз армиясын өркүндөтүүдө Вашингтондон жардам алат. Кечээ Ак үйдө президент Жорж Буш менен Полшанын премьер-министри Доналд Туск сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ушундай бүтүмгө келишти.

Сүйлөшүүлөр аяктаган соң маалымат жыйынында президент Буш: “Менимче, биз келиштик деп ойлойм, бул система Полшанын эгемендигине салакасын тийгизбейт, жарандардын коопсуздугун коргойт жана коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн зарыл болот”,-деп билдирди.

Өз кезегинде Полшанын өкмөт башчысы Доналд Туск эки өлкөнүн орток мүдөөсү эл аралык коопсуздукка байланышкан бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде ракетадан коргонуу тармагында кызматташууда турганын белгиледи. “АКШ президенти жана америкалык коомчулук биз эмнени көздөп жатканыбызды жакшы түшүнөрүнө ишенем”,-деп айтты Туск. Буга кошо кызматташтыктын негизин түзгөн сунуштарга макул болгону үчүн Бушка ыраазылык билдирди.

Полшанын “сунуштарында” бир катар талаптар камтылган. Варшава,атап айтканда, өзүнүн аскери арсеналын америкалыктардын “Пэтриот” ракетасы менен толуктагысы келет,андан тышкары аскери он жети программага көмөк алууну көздөйт.

Маалымат жыйынында кызматташтыктын пландары тууралуу эчтеме айтылган жок. Бирок Буш “бу жагынан дагы көп иштерди жасоо керектигин,анткени кагаз бетиндеги стратегия көп учурда конкреттүү иштерден айрымалуу болорун” эске салды. Полшанын премьери да ракетадан коргонуу системасына байланышкан бардык техникалык маселелерди эксперттер чечерин кошумчалады.

АКШ аталган системаны Түндүк Корея жана Иран өңдүү “чогоол” режимдердин ракеталык күтүүсүз жапырыктарынан коргонуу үчүн зарыл деп эсептейт. Анын бир бөлүгүн – он ракетадан турган базаны Полшага, экинчи бөлүгүн - радар станциясын Чехияга жайгаштыргысы келет. АКШнын бул планынан Москва биринчи кезекте Россиянын коопсуздугуна коркунуч түзүлөт деп эсептейт жана кокус ал ишке аша турган болсо тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертип келатат.

Өткөн аптада Буш менен Чехиянын премьери Мирослав Тополанек да радар станциясына байланыштуу маселелерди талкуулашкан. Бирок азырынча Вашингтон не Варшава,не Прага менен келишим түзө элек. АКШнын пландары эки өлкөдө тең, айрыкча Чехияда калктын каркап колдоосун таба элек. Көпчүлүк жарандар орустардын ракетасына бута болгондон кооптонушат. Өкмөттөр болсо АКШда бир жылдан соң бийликке келчү жаңы президент кокус Буштун бул планынан айнып кетеби деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG