Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Маектешкен Жаңыл Жусубжан, Прага 11-мартта Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында миграция маселесине байланыштуу эл аралык жыйын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/B30A5C82-9077-46B4-8B5D-15C1F7C5A825.ASP башталды. Эки күнгө созула турган жыйынга Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөтү, парламентинин өкүлдөрү катышууда. Миграция болгон жана боло бермекчи. Кыргыз бийликтеринин мындагы жоопкерчилиги кандай? Ушул жана башка суроолорго “Азаттык” үналгысынын Чехиядагы баш кеңсесиндеги студияда укук коргоочу, “Атуулдар коррупцияга каршы” укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жооп берди.

-Бишкекте миграция маселесине арналган жыйын өтүп жатат. Анда Кыргызстан Орусияга билимдүү адамдарды жибериши керек деген маселе көтөрүлгөн экен. Буга чейин дагы кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү “кыргыз атуулдарын чет өлкөгө чыгарганга даярдашыбыз керек”, - деп айтып чыгышкан. Башка мамлекеттердин экономикасын ушул жол менен өстүрүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетеби?

-Бул суроо абдан опурталдуу. Анткени өкмөттүн көз карашы менен укук коргоочулардын бул маселеге көз карашы ар башка. ЕККУнун алкагында, же болбосо БУУ жана МОДдун алкагында тышка чыккан мигранттарды кандайча иштетип жана кандай принцип менен өлкө масштабына караш керек деген сонун иштери бар. Бирок эмнегедир кыргыз өкмөтү Орусияга жакшы, профессионалдуу адамдар керек дегенде өзүбүздүн ички экономиканы же элдик капиталды таптакыр унутуп калды. Анткени ушул кыргыз өкмөтүнүн акыркы саясаты боюнча эмнегедир канчалык көп кетсе, ошончолук өлкөгө жакшы деген туура эмес стратегия бар. Ошон үчүн укук коргоочулардын көз карашы боюнча бир четинен өкмөттүн жоопкерчилиги болушу керек.

Экинчиден, эл аралык, европалык жана ошол кабыл алынган консепция жана конвенциялар аркылуу иштеши керек. Анткени постсоветтик өлкөлөрдө, мисалы, Орусияда бир гана ошол мигранттардын статусун талкуулаганда дагы эч кандай жакшы нерсе чыкпайт. Анткени бул репрессивдик өлкө жана адам укугу түздөн-түз тепселенүүдө. Ошондой башка өлкөлөрдөн, бөтөнчө Орто Азиядан келген мигранттарга көз карашы таптакыр радикалдуу болуп келе жатат жана жапа чеккен адамдар күндөн-күнгө көбөйүп жатат.

-Ушуга байланыштуу менин суроомо сиз алдын ала жооп бердиңиз окшойт. Бүгүн силер Прагада Орусиядагы неонацизмдин баш көтөрүшү тууралуу бир тасманы көрөт экенсиздер. Биздин мигранттарды коргоо үчүн Орусияда жакшы эле мыйзамдар бар. Бирок алар иштебей жатат. Ушуга байланыштуу Орусияда коом өзгөрүшү керек деген маселе турат. Маселен, агартуучулук жактан, толеранттуулук, башка расанын өкүлдөрүнө туура мамиле жасоо жагынан дегендей. Эгерде ал Кыргызстандын колунда болбосо, муну Орусия өзү жасашы керек болсо, анда Кыргызстандын ролу мында кандай болушу керек?

-Эң туура маселе. Анткени биз акыркы мезгилде байкап келе жатабыз, ОДКБ деген өзүнчө бир уюм түзүлгөн жана ШКУнун алкагында дагы иштеп жатат. Ошондо дагы бул адам укугу, эркиндиги жана ошол эле иш мигранттары боюнча эч кандай жакшы иштерди жасабай жатат. Анткени булардын бардыгы тең виртуалдык жана популисттик иштер болуп калууда. Туура, коом өзгөрүшү керек.

Мына, жакында эле Орусияда президенттик шайлоо өттү. Укук коргоочулар жакшы айта алган жок. Анткени бул таза шайлоо эмес, бул тандоо эмес, бул жөн гана Путин алып келген Медведев шайланып калды. Путин эч жака кеткен жок. Ал эми ошол репрессивдик саясат бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Ошон үчүн бул жагын караганда сөзсүз түрдө өкмөттүн жоопкерчилиги болушу керек. Сөзсүз түрдө окутуш керек. Бюджеттен жана чет мамлекеттен дагы гранттар бар. Бирок алар жетишсиз. Анткени ошол эле профессионалдар өлүп келип жатканына биз күбө болуп жатабыз. Бул жалпы системанын проблемасы.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG