Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

16:45 Ошто күздө 60 миң 322 гектар аянтка буудай айдалган


Жазда да 18 миң гектар жер айдалып, буудай эгилүүсү күтүлүүдө. Мындай маалымат Ош облустук мамлекеттик бийлигинен алынды. Губернатордун орунбасары Болот Бүргөевдин билдирүүсүнө караганда, дыйкандар бул ирет үрөн, жер семирткич жана күйүүчү май жагынан кыйналышпайт. Бардыгы арзан баада. Жеңилдетилген кредит түрүндө айыл банк жергиликтүү агродүкөндөр аркылуу таратылууда. Натыйжада быйыл топтолгон түшүм азык-түлүк таңкыстыгына жол койбойт. Карасуулук дыйкан Улукбек Максүталиев айыл чарбасына керектүү заттар элетке жеткиче үстөк кошулуп, баасы асмандаганын, нарк системасына мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугун “Азаттыкка” маалымдап, тиешелүү органдар эмне үчүн кызылкулактарга чара көрбөй жаткандыгына кабатырланды. (АТо)

XS
SM
MD
LG