Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

17:01 Нарын облусунда куш тумоосун алдын алуу боюнча долбоор иштеп жатат


Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштөөдө деп билдирди Чыгыш аймактык мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын Нарын облусу боюнча координатору Калыбек Мисиралиев. Анын айтымында, “Жогорку патагендүү куш тумоосу” аттуу долбоордун алкагында облустун 200дөн ашык ветеринардык адистери атайын билим алышты. Түркия, Индонезия, Түштүк Африкадан келген куштар Кыргызстандын аймагы аркылуу Орусияга учуп өтөт. Андыктан куш тумоосу чыгып кетүү коркунучу болгондуктан ар бир айылдагы адистерге атайын алгачкы керектүү нерселер берилди. Куш тумоосунун очогун түзгөн мамлекеттер бизге коңшу болгондуктан, облустагы ар бир айыл өкмөт башчылары да атайын окуулардан өтүштү, дейт Мисиралиев. (JI)

XS
SM
MD
LG