Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

КОСОВО: ДҮЙНӨЛҮК ТАЛАШТЫН ТОЛКУНУ КАТУУЛАДЫ


Амирбек Усманов, Прага Сербия Улуттар Уюмунун Косоводогу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/19E26D61-B404-4EFC-9E6B-67B43565BE65.asp миссиясын ордунда калтырууну өтүндү. Миссия Косового 1999-жылы жайгаштырылган жана февралда аймак өзүн Сербиядан эгемен деп жарыялагандан кийин Евробиримдиктин күчтөрү менен алмаштырылууда. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин учурудагы төрагасы Россия Сербиянын бүтүндүгүн жактап, Косовонун эгемендигин сындоодо. Британия менен АКШ болсо Косово мурдакы абалына кайтпасы талашсыз деп санайт.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 11-мартта жыйыны Косово темасына арналды. Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич Белгардда Косового каршы «эмбарго жарыялоо ниети» жок экенин билдирди жана Улуттар Уюмунун миссиясын Косоводон чыгарбоону өтүндү:

-Улуттар Уюмунун 1244 резолюциясы толук сакталыш керек. Бул болочокто кырдаалды курчутпоонун жападан жалгыз жолу. БУУнун Косоводогу миссиясын Коопсуздук Кеңеши аныктаган, аны бузууга негиз жок. Ошон үчүн, миссиянын вазийпасын башка бир уюмга өткөрүп бербөөнү талап кылабыз.

Коопсуздук Кеңешинин учурдагы төрагасы Россия Косовонун эгемендигин сындап, Сербиянын бүтүндүгүн жактаган билдирүүнүн долбоорун киргизди. Россиянын мындай сунушун Британия колдогон жок. Өлкөнүн БУУдагы элчиси Жон Соэрдин сөзүнө караганда, февралда Косово өзүн күнкорсуз деп жарыялагандан кийин өлкөнү Кеңештин бир катар мүчөлөрү тааныды. Кырдаал өзгөрдү. Андыктан Косового Евробиримдиктин күчтөрүн киргизүүгө толук негиз бар, деди Соэр:

-Евробиримдиктин мааниси өсүп баратат. Косово эгемендүү өлкө экени кеңири таанылгандыктан, БУУнун Косоводогу миссиясы жаңы реалдуулукка көнүш керек. Бул чечимди Коопсуздук Кеңеши бекитпей создуктура берсе, анда башкы катчыга берилет. Ал тез кабыл алынбайт.

Вашингтон да Россиянын сунушу жаңы кырдаалды эске албайт деп санаарын АКШнын элчиси Залмай Хализад билдирди. Сербияда кимде ким Косово мурдакы калыбына кайтат деп ишенсе,- жаңылышат, деп кошумчалады ал.

Бирок Россия такыр башка көзкарашта. Россиянын элчиси Виталий Чуркиндин айтымында, Коопсуздук Кеңеши жаңы резолюция кабыл алмайынча, Косовону күнкорсуз деп таанып болбойт. Чуркин БУУнун Косоводогу миссиясын Евробримдиктин күчтөрү менен алмаштырууга Россия макул болбосун да маалымдады:

-Биз европалыктардын миссиясын мыйзамдуу деп тааныбайбыз… Биз, айрыкча, Косоводогу операциясын аяктап жаткан БУУнун миссиясын алмаштыруу аракетине каршыбыз. Мунун баары 1244-резолюцияга жана миссияга жүктөлгөн вазийпага ылайык келбейт.

Кытай да Россияны колдоп, Косово маселеси Коопсуздук Кеңеши 1999-жылы кабыл алган 1244-резолюцияга ылайык чечилиш керек деп санайт. Бул резолюция Сербиянын бүтүндүгүн таануу менен Косово провинциясында эларалык күчтөрдү жайгаштырууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG