Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

Расмий Вашингтон АКШнын Иранга каршы согушка баруу максаты жок экендигин билдирди


Акүйдүн өкүлү Дана Перинонун белгилешинче, Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы чатак дипломатиялык жол менен гана чечилет. Мындай билдирүүнү Вашингтон Америкалык күчтөрдүн Ирактагы жана Ооганстандагы командачысы Уильям Фэллон кызматынан кете тургандыгын жарыя кылгандан кийин жасады. Өткөн аптада, “Эсквайер” басылмасында, Фэллон президент Жорж Буштун Иранга карата саясатына каршы чыккандыгы тууралуу маалымат жаряланган. Дана Перино Фэллондун кызматтан кетүүсүнө анын Буштун саясаты менен макул болбогону себепкер болду деген маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG