Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

15:38 49 айыл өкмөт башчыларына кызматтык автоунаалар берилди


«Нива» жана «Жигули» үлгүсүндөгү автоунаалар бүгүн айыл өкмөт башчыларына борбордук «Алатоо» аянтында тапшырылды. Салтанатка президенттик администрация жетекчисинин орун басары Замир Бекбоев катышты. Ал автоунааларды тапшыруу учурунда кыскача сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен башкаруу системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча орчундуу аракеттер болуп жаткандыгын, учурда бардык айыл өкмөттөрү компьютер менен жабдылгандыгын айтты. Анын айтымында, эмки айда айыл өкмөт башчыларына дагы 31 автоунаа берилет. Акыркы эки жылдын ичинде жергиликтүү бийлик жетекчилерине жалпысынан 378 автоунаа берилген.(SM)

XS
SM
MD
LG