Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

КЕРБЕНДЕГИ КЕЙИШТҮҮ ОКУЯГА САДИЕВДИН КАТЫШЫ КАНЧАЛЫК?


Башкы прокуратура Аксы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/03/487EE902-4D6F-4FDF-B330-DDFB3902F126.asp окуясына байланыштуу 2002-жылдын 18-мартындагы ок атуулар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү кайрадан баштагандыгын кабарлады. Ага ылайык 18-март күнү Кербенде өлтүрүлгөн Элдияр Үмөталиевдин ишине байланыштуу ички иштер министринин мурдагы орун басары Калмурат Садиевдин жана башка кызматтык адамдардын үстүнөн тергөө башталат. Аксылык жабырлануучулар бул иштин кайрадан тергелип башташы – Аксы окуясынын алты жылдыгынын алдында бийлик тарабынан элди алаксытуу иретинде болуп жүргөн көрүнүш катары кабыл алышууда.

2002-жылдын 18-мартындагы Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши 2002-жылы 4-апрелде козголгон. Бирок буга чейин түрдүү себептер менен улам токтотулуп келген.

Аксы окуясынын негизги себепкери деп эсептелген Азимбек Бекназаров Аксы окуясы боюнча кылмыш иштери жыл сайын эле 17-мартка жакын бир сыйра жандандырылып, кайра эле токтотулуп каларын белгилеп, бул аксылыктарды алаксытуу, жайкоонун амалы деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Былтыр Бакиев өзү Аксыга барарда жандандырып барган. “Мына туура эмес жаап коюптур Конгантиев” деп, кайра келгенден кийин аны кызматтан алган. Андан бери дагы бир жыл өтпөдүбү, кайра эле жаап коюшкан. Ошондуктан, мен ойлойм, 17-мартта Элдик сот болот деген сөз чыккандан кийин эле тапкан айласы.

Азимбек Бекназаров 18-марттагы ок атууларга, Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө ал күнү Кербенде коменданттык кылып жүргөн Калмурат Садиев жоопко тартылууга тийиш, дейт:

-Ал иш боюнча жоопко тартыла турган болсо, 18-мартта Кербенде башкы коменданттык кылып жүргөн Садиев жооп берүүгө тийиш. Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө Садиев, аны менен кошо барган, жүргөн кишилер жоопко тартылууга тийиш. Ошондой эле Садиевди ал жакка жиберген кишилер да жооп бериши керек.

Аксы окуясына байланыштуу 2002-жылдын 18-мартындагы ок атууларга негизги күнөөкөр катары саналып жаткан ички иштер министринин орун басары Калмурат Садиев ошол убакта “Тайфун” операциясын жетектеп, Кербенде жүргөн.

2002-жылдын 17-март күнү кечки саат 21:00 өкмөт “Тайфун” операциясын ишке киргизип, Аксыга коменданттык саат орнотулган. Аксылык жабырлануучулардын соттогу өкүлү, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова 18-марттагы ок атууга Калмурат Садиевдин түздөн-түз тиешеси бар, деп эсептейт:

-Кербендеги ок атуулар боюнча, эмне себептен ок атылган, кандайча болгон, мына ушулардын баарына Калмурат Садиев жооп берет.

2002-жылы 17-мартта кечки саат тогуздан тарта “Тайфун” операциясын ишке киргизүү тууралуу токтомго ошол убактагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев кол койгону белгилүү. Бул тууралуу башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев буга чейин журналисттерге билдирип, операция мыйзамдуу түрдө ишке киргизилгендигин маалымдаган эле:

-Бул документ кылмыш ишинин материалында бар, эч кандай жаңылык эмес, бул Курманбек Бакиев үчүн эч кандай компромат боло албайт. Ал өкмөт башчы болуп туруп, Аксыда кырдаал курчуп турган мезгилде минтип аракет кылбаса, ошондо аны эч кандай аракет кылган эмес деп айыптоого болот эле. Ал жыйын өткөрүп, кырдаалды мындан ары кантип чечүүнү ойлонуштурууга милдеттүү болчу.

Баш прокурор Аксы окуясын чыгаруу боюнча президенттен тапшырма алгандыгын да бир нече жолу белгилеген. Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин жандандырылуусу да Аксы окуясын аягына чыгаруу аракети болууда, деп билдирди Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов “Азаттыкка”:

-Урманаев соттолду, Токобаев соттолду, Кудайбергенов соттолду. Эми 18-марттагы окуя боюнча кылмыш иши жандандырылып, тергөө башталды.

Бирок 2002-жылдын 17-мартындагы ок атууларга байланыштуу болгон соттун чечими аксылык жабырлануучуларды канааттандырган эмес. Ошондуктан, жабырлануучулар 17-мартта Аксыда Элдик сот өткөрүп, чыныгы күнөөлүүлөрдү аныктап туруп, тарыхка калтырууну максат кылышууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG