Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

14:37 А.Бекназаров: Аксыга «Тайфун» операциясын киргизген адамдын ысмы мен башкы прокурор кезде ачылган


Өкмөттүн андай токтомуна азыркы президент, ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиев кол койгон жана ал маалымат менен башкы прокурор кезде ачыкталды, деп билдирди Азимбек Бекназаров Аксыда жүрүп жаткан элдик сотто. Бекназаров сотко күбө катары катышууда. Азыркы мезгилге карай жабырлануучулар, айыптоочулар жана күбөлөр сөздөрүн сүйлөп бүтүштү. Айыптоочулар Аксы окуясына мурунку президент Аскар Акаев, азыркы президент Курманбек Бакиев баш болгон 42 кишинин күнөөсү бар деген чечимди чыгарууну соттон сурашууда. Сот жараяны жүрүп жаткан убакта 42 кишинин катарына дагы бир нече адамдар кошулду. Маселен, жабырлануучулардын бири Улуттук коопсуздук кызматынын Аксы райондук бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Бакыт Абдыразаковдун ок атканын көргөнүн жарыялады.Натыйжада анын ысмы да күнөөлүүлөрдүн тизмесине киргизилди.(AiT)

XS
SM
MD
LG