Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

ИРАНДА РАДИКАЛДАР ЖЕҢДИ, БИРОК ПРЕЗИДЕНТКЕ ОҢОЙ БОЛБОЙТ ОКШОЙТ


Ирандагы парламенттик шайлоодо күткөндөй эле радикалдуу күчтөр жеңишке жетишти. Алгачкы маалыматтарда алар байистүү консерваторлор менен бирге межилистеги 290 мандаттын 160тан ашуунун алганы айтылууда. Бирок эксперттердин жана байкоочулардын көбү жаңы межилис менен мамыр-жумур иштегенге президент Махмуд Ахмединежадга,анын өкмөтүнө бир топ кыйын болорун болжолдоп жатышат.

Шайлоонун ырасмий жыйынтыгы ушу жуманын этегине барып жарыяланат. Ошентсе да ички иштер министрлиги межилистеги орундардын басымдуу көпчүлүгү Ахмединежадга жаатташ делинген күчтөргө тийгенин, реформаторлорго болгону 40 чакты мандат ашканын, калгандарын көз карандысыз талапкерлер алганын ырастады. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги бул көрсөткүчтөрдү “иран элинин жеңиши жана АКШнын утулушу” деп баалады.

Деген менен жергиликтүү эксперттердин жана байкоочулардын көбү президент Ахмединжедга депутаттардын жаңы корпусу менен тил таап иштеш бир топ кыйын болот, атүгүл анын эмдиги жылы кайра бир мөөнөткө аткаруу бийлигинин башчысы болуп шайлануу ниети ишке ашпай калышы мүмкүн дешет. Тегерандык көз карандысыз журналист Иза Сакархиз байистүү бир катар консерваторлор менен Ахмединежаддын ачык атаандаштары да парламентке өткөнүн айтып, проблема ошолордон чыгарын билдирди. Өзгөчө экономикалык маселелерге калганда өкмөт олуттуу кыйынчылыкка туш келиши ажеп эмес, атүгүл кырдаал кризиске чейин жетиши мүмкүн.

Ирандагы белгилүү саясатчылардын бири Али Ларижани, мисалы, “жаңы парламент өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоодо азыркы межилиске караганда кыйла каркындуу болорун” эскертти. Ларижаниге межилистин спикерлик кызматы сунуш кылынат деген божомолдор бар. Ал мурда Ахмединежад менен жакшы ымалада жүрүп, бирок кийин өлкөнүн ядролук программасына байланыштуу президенттин катаң позициясынан жана экономикалык саясатынан улам өкмөттүн командасынан чыгып кеткен.

Межилистин азыркы спикери Гулам-Али Хадед-Адел да экономика саясатында президенттин сынчысы саналат. Анын фракциясы парламентте президент менен талашып-тартышпай турганын ырастады, ошол эле учурда “өкмөттүн бардык чечимдерине унчукпай кол көтөрө бербей турганын” да ырастады.

Мындан тышкары эмдиги жылдагы шайлоодо Ахмединежадга белгилүү реформист, экс-президент Мохаммад Хатами айбарлуу атаандаш болушу мүмкүн. Коомдук пикирдин көрсөткүчтөрү Хатаминин тарапкерлери арбын экенин ырастоодо. Тегерандын азыркы шаар башчысы Мохаммад Калибафтын да президент болуу дымагы бар.

Кыскасы, байкоочулар парламентке Ахмединежаддын жаатташтары көп келгени менен быйыл жылдагы саясий турмушта аны бир топ сыноолор күтүп турганы калетсиз дешет. Коомдук пикирде болсо келерки жылы президент болуп кайра шайланганга анын мүмкүнчүлүгү бир топ эле чектелүү экени байкалууда.

XS
SM
MD
LG