Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

11:35 Турсунбек Акун: Жалалабат облусунун губернаторунун маалыматы жалган


Аксылыктар мени элдик сотко катыштыруудан баш тартышты деген губернатор Кошбай Масировдун “24kg” агенттигине берген маалыматы жалган. Бул мени жаманатты кылуу үчүн кимдир бирөөлөр тарабынан ойдон чыгарылган ушак, дейт акыйкатчы Турсунбек Акун. Анын айтымында, Аксы окуясына күнөөлү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча Акаевдин бийлиги дагы, Бакиевдин бийлиги дагы тийиштүү чечим чыгара албай келет. Аксыдагы Элдик сотко жумуштан бошобой калганына байланыштуу катыша албай калганын айткан акыйкатчы, келерки аптада Аксыга бараарын “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG