Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

АКШнын РАКЕТАДАН КОРГОНУУ ПЛАНЫ ЖЕ МЕДВЕДЕВДИН ТАМЫРЫН ТАРТУУ


Амирбек Усманов, Прага Вашингтондун Ортолук Европада ракетадан коргонуу системасы куруу планы боюнча АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана коргоо министри Роберт Гэйтс менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Москвада болгон сүйлөшүүсү майнапсыз аяктады. Бул жөнүндө Сергей Лавров билдирди. Талдоочулардын айтымында, АКШнын бийик даражалуу эки министри Москвага ракетадан коргонуу планы боюнча түшүнбөстүктү жөндөгөндөн мурда Россиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев менен жакындан таанышканы келген.

Беш саатка созулган жабык эшик артында сүйлөшүүдө эки жак АКШнын Чехияда жана Польшада ракетадан коргоого зарыл радардык станцияларды жайгашытруу планы боюнча бир пикирге келбегенин Сергей Лавров тастыктады. Бирок, АКШ рекатадан коргонуу планы боюнча өтө маанилүү сунуштарды жасады, деп билдирди Лавров:

- АКШ Европада үчүнчү позициялоо ишин бүткөрүүгө бекем бел байласа да, биздин тынчсыздануубузга жооп кылып, биз үчүн өтө маанилүү жана пайдалуу сунуш жасады. Бизди камтама кылбоону көздөп жасалган бул сунушту биз изилдеп көрөбүз.

Вашингтондун ырасташынча, Ортолук Европага жайгаштырылчу радардык система Түндүк Корея жана Иран сыяктуу өлкөлөрдүн күтүүсүз ракета чабуулунан коргонуу үчүн зарыл. Москва бул план Россиянын коопсуздугуна шек келтирет деп, агы башынан каршы чыгууда.

Москвадагы сүйлөшүүдө АКШ жана Россиянын мартабалуу өкүлдөрү Стратегиялык ракеталарды кыскартуу - СТАРТ келишими боюнча да мунасага жетпеди. Азыркы келишимдин мөөнөтү 2009- жылы бүткөнгө чейин жаңы келишимди түзүлүүгө тийиш.

Көпчүлүк талдоочулардын баамында, Кондолиза Райс менен Роберт Гэйтс стратегиялык коргонуу темасын шылтоо кылып, Россиянын келерки төрт жылда башкарчу Дмитрий Медведев менен ал көнгөн жагдайда таанышканы келишкен.

- Арийне, визиттин бир максаты: Медведев менен жакындан таанышуу, анын Путинден өзгөчө жактарын баамдап билүү болду. Анткени, эки жумадай мурда, Медведев Россиянын тышкы саясатын өзү жүргүзөрүн ачык айткан. Бул, албетте, анын кол бала болуу ниети жок экенин, ал чындап таасирлүү президент болууну каалаганын билгизет,-дейт москвалык серепчи Евгений Волк. Евгений Волк башкеңсеси Вашингтондо жайгашкан Heritage корунун талдоочусу.

Айтылгандай эле, Райс жана Гэйтс дүйшөмбү күнү Медведев жана Путин менен кездешти. Бул жолугушууда Путин май айында Медведев тактыга ырасмий түрдө отургандан кийин премьер- министр болорун дагы бир ирет тастыктады.

Талдоочулардын боолгошунча, Медведев келечекте Путин сыяктуу Кансыз Согуш жылдарын эске салган курч риторикага барбайт. Бирок Россия акыркы беш- алты жылда тутунган саясатты тайбай, бекем кармайт.

XS
SM
MD
LG