Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

14:15 Мугалимдердин эмгек акысы туура эмес эсептелгендиктен толук төлөнбөй жатат


Кыргыз өкмөтү мугалимдердин берилбей калган маянасын эмгек акынын тарифтик ставкасынан төлөөнү негиз кылып алган. Бирок кыргыз мыйзамдарына ылайык эсептөө маянанын көрсөткүчүнөн улам жүргүзүлүшү керек. Жогорку Кеңештин билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Галина Куликованын билдиришинче "Билим берүү тууралуу" мыйзамда мугалимдерге эмгек тажрыйбасына ылайык кошумча акчы эмгек акыга ылайык кошулат. Эгерде эсептөө мыйзамга ылайык жүргүзүлсө анда 2003-жылдан бери кыргыз өкмөтүнүн мугалимдерге бересеси эки миллиард сомдон ашат. Каржы министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн маалымдагандай, алар азыр депутаттардан бул мыйзамды чечмелеп беришин күтүп жатышат. Ушундай эле өтүнүч менен Жогорку Кеңешке педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү да кайрылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG