Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

16:55 “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысынын сөөгү Бишкектеги таштанды жайынан табылды


“Вечерний Бишкек” газетасынын Ысыккөл боюнча атайын кабарчысы Юрий Александров 13 күндөн бери изделип аткан. Ысыккөл райондук бөлүмүндөгү кылмыш иликтөө боюнча ыкчам кызматкери Улан Кыдыргычевдин маалыматы боюнча журналисттин жана анын жубайынын сөөгү Бишкек шаарынын четиндеги таштанды төкчү жайдан табылды. Шектүү делген адамдар учурда колго түшүп, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тескеп атат. Белгилеп кетчү нерсе, Юрий Александров жубайы экөө 7-март күнү Бишкек шаарындагы “Пекинская утка” аттуу кафеден чыккан боюнча дайынсыз жоголушкан. Уулу Денистин айтуусунда, “Мерседес” автоунаасы менен алар Бөкөнбаев менен Совет көчөсүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруу жайдан 2 жарым миң доллар алып чыгышкан. (RB)

XS
SM
MD
LG