Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Ушул жумада Казакстан менен Кыргызстандын Талас --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/658227EE-AEA0-4A39-B317-BDBAAEB9B9E5.ASP облусундагы чек араларындагы көйгөйлөрдү териштирүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары сапарда болушту. Бул сапар жана элдин талабы тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Эл аралык толеранттуулук фондунун Талас облусундагы өкүлү Бакбосун Жолдошбеков жооп берди.

-Бакбосун мырза, депутаттардын сапары учурунда талаштуу жерлерди аныктоого өбөлгө бере тургандай так жана далилдүү маалыматтар айтылдыбы?

-Бул маселе 1991-жылдан баштап, эгемендүүлүк алгандан бери козголуп келе жатат. Ушул Кайнар айылындагы маселе Талас облусундагы чек ара болгондуктан олуттуу маселе болуп эсептелет. Ушул айылдын тургундары Жогорку Кеңештин депутаттарына келгени үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип жатышат.

Ошол 2001-2002-жылдары өкмөттүк комиссия туура эмес иштеп кеткендиктен ушул кырдаал түзүлгөн. Бул кырдаалды Жогорку Кеңешке, президентке, өкмөткө кайрылуусунун себеби болуп, 2008-жылдын 16-январындагы Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин Мадумаров менен жолугушуусунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек ара маселеси боюнча талаш-тартыш жок деген маалыматына Кайнар айылынын тургундары нааразычылыгын билдирип, Жогорку Кеңешке, президентке өтүнүч менен кайрылышкан.

-Бакбосун мырза биздин маалымат боюнча Карабуура районундагы Кайнар айылынын тургундары 4075 гектар жердин кайсы өлкөгө тиешелүү экендигин тактап берүүнү талап кылып жатышкан экен. Депутаттар менен жолугушууда 2000-жылы түзүлгөн келишим боюнча чатак чыкты деген маалыматты уктук. Анын чындыгы барбы? Жергиликтүү тургундарды бейпайга салган башкы талаш эмне болууда?

-19-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары “миң уккандан бир көргөн” деп жеринде болуп, участкаларды көрүштү. Айылдын тургуну Айткул Тайлаков баштап ошол жерлердин бардыгын көрсөтүп, мына ушул чек арада турган 4075 гектар 26-28-жылдары түзүлгөн комиссиянын токтомуна ылайык кыргыздын жери деп далилдеп берди. Бирок өкмөттүн ошол регионалдык маселе боюнча жетекчиси Саламат Аламанов 30-жылкы Калинин кол койгон токтомун көрсөтөт. Бирок ал токтомдо деле минтип жазылат: “Суу бөлүштүрүүчү Арабик жана Көксай суусу водораздел менен ылдый түндүк жакка кетет жана 42-параллелден баштап чектешкен жерге чейин барат”. Бул деген ошол 4075 гектар кыргыздын жери деп эсептелет. Саламат Аламанов 1961-жылы, 30-марттагы Кыргыз АССРнин токтомуна негиздеп жатат.

-Ал эми Кумшагыл карьерин Казакстан менен алмашууга жергиликтүү элдин пикири кандай? Карьердеги кызыл гранит жана башка баалуу заттар бар экен, ошолорду берүүгө макулбу?

-Бул маселе боюнча өткөн чакырылыштагы Өмүрбек Токтогуловичтин берген жообунда дагы ошондой болот экен. Туура эмес алмашылып калган деген мааниде айтылат. Ал жерде кызыл гранит жана башка пайдалуу кен байлыктар бар деп айтылат, бирок учурдагы депутаттар туура эмес алмашылып калган деген жоопторду беришкен.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG