Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Пакистанда "демократиянын жаңы доору" башталды


Бул тууралуу бүгүн өлкө президенти Первез Мушараф билдирди жана Пакистандын жаңы өкмөтү анын "толук" колдоосуна ээ болорун белгиледи. Демократиянын жаңы доору башталганы жөнүндө президент Мушарафтын саясий атаандаштары түзүп жаткан коалициялык өкмөттү башкаруучу адамдын ысымы билингенден бир күндөн кийин айтылып олтурат. Былтыр декабрда киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун Пакистан элдик партиясы кечээ премьер-министрликке парламенттин мурдагы төрагасы Юсуф Раза Гиланини көргөзгөн. Анын талапкерлиги боюнча парламенттеги добуш берүү эртең өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG