Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

26-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитетинин кичи президиуму 1924-жылдын бу күнү Тоолуу областтын уюушлушу туурасында чечим чыгарган. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн көрүнүктүү өкүлү эсептелген Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 26-март күнү, Бүткүлсоюздук борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Серафимовдун баяндамасы боюнча жарыш сөзгө чыкты.

Cовет мамлекети курулуп, партия жар салган улуттук автономия идеясына жараша кыргыз калкынын прогрессивдүү инсандары Советтер Союзунун курамында мамлекет түптөө идеясын көтөрүп чыгышкан. Алардын демилгесине ылайык Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитетинин кичи президиуму 1924-жылдын бу күнү Тоолуу областтын уюушлушу туурасында чечим чыгарган. Тоолуу область курамына Жетисуу областындагы-Пишпек, Каракол, Нарын уездери жана Сырдарыя областынын Олуяата уездине караштуу тоолуу аймактар кирген. Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитети Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын маселесин мында кулач жайган басмачылык кыймылга байланыштуу ачык койгон.


Кара-Кыргыз автономиялык областынын Биринчи Уюштуруу курултайы мамлекеттик уюшулуштан тарта, билим берүү тармагы жана кыргыз алфавитине чейинки татаал маселелердин ажаатын ачкан. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн көрүнүктүү өкүлү эсептелген Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 26-март күнү, Бүткүлсоюздук борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Серафимовдун баяндамасы боюнча жарыш сөзгө чыкты. А. Сыдыкоа Кыргызстандагы жер реформас жана кыргыздарды отурукташтыруу проблемасы тегерегинде бир канча олуттуу көйгөйлөрдү көтөргөн. Анын бири падышалык мезгилде пайда болгон орус жеркоторуучулары менен жергиликтүү калктын мамилеси жана жер иштетүүнүн өндүрүмүн арттырууга экендигин белгилеген. сүйлөдү.

Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1928-жылдын 26-марттагы чечимине ылайык мамлекеттик кызматкерлердин «окуу сааты» белгиленген. Мамлекеттик кызматкерлер эртеңмененки 8-14 саат 30 минутага чейин үйбүлөөсүндө калып, сабатын арттырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Нарын областынын Сарыбулак жергесинде 2003-жылдын 26-марттан 27-мартка карган түнү 21 адам өлтүрүлгөнү маалым болду. Каргашага кабылган адамдар Кытайга каттаган ишкерлер экендиги жана аларды ташыган автобус өрттөлүп, кылмыш жасалган жерде автомат огунун гильзалары табылган.
XS
SM
MD
LG