Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

НАРЫН ТООЛОРУНДА ТЕМИР КЕНДЕРИ ЧАЛГЫНДАЛУУДА


Күмөндөр Усуптегин, Нарын Жетимкырка тоосундагы темирдин кенин геологиялык чалгындоо иштери эки жылдан бери жүргүзүлүп жатат. Нарын райондук мамлекеттик администрациясы ишти аткарууга Жакболот өрөөнүндө Даңги, Айрансуу участкаларынан 158 гектар жер бөлгөн. Чалгындоо иштери 2009-жылдын аягында аяктамакчы. Бирок жакындан бери кенге жакын жайгашкан айрым айылдардын тургундары бизди көчүрөт экен деп кооптоно башташты.

Жетимкырка тоосундагы темирдин кени Нарын шаарынан 60-90 чакырым аралыкта чыгыш тарапта орун алган. Ал эми Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнө караштуу Ташбашат, Экинарын айылдарынын жайлоолору бул жерге ирегелеш жайгашкан. Ташбашат айылынын тургуну, жайкысын мал менен ошол жерге көчүп барган дыйкан Токтобек Абдраманов мындай дейт:

- Биз кытай салып аткан даңги жолуна 500 метр жакын аралыкта, жакын эле жайгашабыз. Ушул жерден 2010-жылда биздин айылды көчүрөт деп эл кооптонуп атат.

Өз ысымын айтуудан айбыккан Экинарын айылынын жашоочусу болсо элди көчүрүүгө карата мындайча үн кошот:

- Аз убактан бери Экинарын айылынын элин көчүрөт экен деген маалыматтарды алып атабыз. Менин оюмча, канча кылымдар бою ошол жакта отурукташып жашап келаткан элдин башка жерге көчүшү, ал жака көнүп, отурукташып кетиши деле аябай кыйын болуш керек.

Экинарындагы кыштоолордо турукташкан Назарова Жаңыгүлдүн үй-бүлөсү башка жака көчүүгө каршы:

- Экинарында сарайда турабыз, биз көчкөндө кайда бармак элек. Жер титирен жердеги эл тамдарын сала албай атса, бизге жерди кайдан бере алат жер кымбат болуп атса. Көчкөнгө биз каршыбыз.

Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Төлөев жогорудагыдай пикирлерге макул эмес:

- Бул боюнча азыр менде эч кандай маалымат жок. Бул сырттагы элдин ушагы болуп атат. Эгер көчүрө турган болсо анда Нарындан Ыртыс, Московский чөлкөмүнө чейин көчүшү мүмкүн. Себеби 60 километрге чейинки аралыктагы элдер бүт көчүрүлүшү керек экен. Мындан сырткары Орток, Дөбөл, Четнур айыл өкмөттөрү кошо кетиш керек. Орточо эсептеп келген 16 миң киши болот экен. Анын баарын кайда көчүрүп барат.

Нарын районунун акими Ишенбек Медетов өз кезегинде чалгындоо иштери 2009-жылдын аягына чейин жүргүзүлөрүн, элди көчүрүү жөнүндө азырынча сөз жок экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG