Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Акан Иманов, Бишкек Ызгарлуу кыш айларында байма-бай өчүрүлүп турган электр жарыгы, жаздын келиши менен өлкөнүн дээрлик баардык аймактарына маал-маалы менен берилип, үнөмдөлүүдө. Буга негизги себеп Токтогул суу сактагычындагы суунун болуп көрбөгөндөй аздыгы. Бүгүнкү күндө ГЭС кандай кубаттулук менен иштөөдө, ал жерде канча суу бар?

Орто Азиядагы эң ирии болуп эсептелген Токтогул ГЭСинин курулушу 1973-жылы аяктаган. Анын плотинасынын бийиктиги 215 метрди түзүп, асман тиреген тоолор менен жанаша турат. ГЭСтен өндүрүлгөн энергия 35-жылдан бери өлкөнүн бир катар аймактары менен кошо коңшу мамлекеттерди дагы электр жарыгы менен камсыз кылып келет.

Токтогул суу сактагычында төрт генератор күнү-түнү иштеп, сууну электр энергиясына айлантып турат. Электр станциясынын жүрөгү деп эсептелген бул генераторлордун ишин көзөмөлдөө милдетин Жаныш Ысманов алган.

- Бул кыймылдаткычтар өлкөбүздү электр жарыгы менен камсыз кылат. Булардын иши үзгүлтүкө учурабашы керек, ошондуктан, ар бир майда тетигине чейин текшерип турабыз. Эгер бир генератор оңдолуп жатса, калган үчөө анын күчүн жаба алат,-дейт Жаныш Ысманов.

Үстүбүздөгү кыш айларынын ызгарлуу суук күндөрүндө суу сактагычтагы суунун көлөмү күнүнө 30 сантиметрге азайып жаткан болсо, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч 15 сантиметрди түзүүдө. Суунун азайышы олуттуу кесепеттерге алып келет дейт электро-цех бөлүмүнүн башчысы Кубатаалы Эпеев:

-Азыркы маалда ГЭС 450 мегаватт кубаттуулукта иштөөдө, ал эми суунун көлөмү 844 метрди түзүүдө, эгер суу дагы 6-7 метрге азая турган болсо, генераторлор иштен чыгып, станция ишин токтотууга мажбур болот. Ошондуктан, азыр сууну үнөмдөгөнгө туура келүүдө.

Токтогул ГЭСи 19 млрд метр куб сууну сактоого эсептелген, бул көрсөткүчкө станция мындан 2-3 жыл мурун эле жеткен. Өткөн күздө суу 13 млрд метр кубга азайган болсо, азыркы убакта бул сан 6,84кө түшкөн. Суу сактагыч мындай абалдан чыгыш үчүн келээрки кышка чейин суу топтошу абзел. Эми коңшу мамлекеттер жай айларында кантет, аларга суу чектелген көлөмдө берилеби деген суроо келип чыгууда.

-Эгерде Өзбекстан менен Казакстан бизден сууну толук көлөмдө алабыз деген ниеттери болсо, анда биз менен макулдашышы керек. Биз алар үчүн сууну топтоп, убагында берип жаткандан кийин алар дагы биздин кызматыбыздын акысын төлөш керек деген шартты коюп жатабыз,-дейт отун-
энергетика мнистри Сапарбек Балкыбеков.

Азыркы тапта энергетиклык кризистен чыгуунун үч жолу каралууда. Алар: электр жарыгын үнөмдүү пайдалануу, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун кубаттуулугун эки эсе көтөрүү жана коңшу Казакстан, Өзбекстан республикалары менен сүйлөшүү жүргүзүп отун ресурстарын алып келүү.
XS
SM
MD
LG