Ал “Манас” аэропортунда кыскача маалымат берип Германиядагы эс алуу өргүүсүндө бутунун муундарын дарылатканын белгиледи. Бакиевдин айтымында, күнүгө премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, облус губернаторлоруна телефон чалып, өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат алып, жазгы айдап-себүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн. Президент денсоолугу жакшы экендигин, ал жөнүндө айың кептерди айрым саясатчылар чыгарганын айтты. Ошондой эле дүйшөмбү күнү өкмөттүн жыйынын өткөрөрүн билдирди. (AJ)