Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

14:00 Жалалабатта көп бүлөлүү, турмушу начар үй-бүлөлөрго арзан ун берилүүдө


Жалалабат шаарындагы "Азирет айып" аттуу ун комбинатынан облустагы көп бүлөлүү жарандар үчүн 360 тонна ун бөлүнгөн. Анын баасы базардагыдан арзан же 50 килограммдык ун үчүн жол киреден сырткары 690 сом төлөө зарыл. Ал ундарды облустун айыл өкмөттөрү көп бүлөлүү жарандардан акча топтоп алып кетүүлөрү керек. Учурда таркатыла элек 120 тонна ун калгандыгын губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG