Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

ОППОЗИЦИЯНЫН ЧАМА-ЧАРКЫ ЧАКТАЛУУБУ?


Бүгүн “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы 12-апрелде өткөрө турган элдик курултайын утурлай координациялык тобунун кезектеги жыйынын өткөрүп, иш-чаранын күңгөй-тескейин талкуулашты. Кыймылдын лидерлеринин айтымында, кандай тоскоолдук болгонуна карабай курултай өткөрүлөт жана чыныгы реформалардын жүрүшү үчүн ушул сыяктуу аракеттер улантылат. Кээ бир бийлик өкүлдөрү оппозицияны элдик курултай институтун оюнчукка айлантып алышты дешсе, айрым саясат талдоочулар бийлик үчүн болгон күрөштө жеңилүү ызасын тарткан оппозиция кийинки шайлоолорду күтпөстөн реванш алууга ашыгууда дешет.

“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координациялык кеңеши бүгүнкү кезектеги жыйынында 12-апрелде боло турган элдик курултайдын уюштуруу маселесин талкуулашты. Алардын айтымында, бийлик тараптан тоскоолдуктар болуп, курултай өткөрүү үчүн жай берилбей жатса да ага өлкө башчысы чакырылып, ачык асман алдында болсо да өткөрүлөт.

Кыймылдын лидерлеринин бири Эмилбек Каптагаевдин айтымында, азыркы тапта элдин митингдерге чыгуу, көтөрүлүү маанайы анча жакшы болбой жатканы менен нааразы болгондор абдан көп. “Ушундай абал улана берсе эл өзүнөн-өзү толкуп кетиши турган нерсе”,- дейт ал:

- Баягыдай алып түшөбүз, митингдер менен кысым көрсөтөбүз дегендердин уюшкандыгы бир аз солгунураак. Бирок бир нерсени айтып коюш керек. Эгер элдин бийликке болгон ички маанайы, көз карашы азыркыдай бойдон кала берсе бийликтин алмашышы бат эле болуп кетчү нерсе. Муну биз эмес, элдин арасындагы башка эле бирөөлөр ишке ашырып коюшу ыктымал.

Айрым саясат талдоочулардын пикиринде, “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын 12-апрелде боло турган курултайы бийликке олуттуу деле коркунуч жаратпайт. Ошентсе да курултайдын алтын кендери, энергетика тармагынын менчиктештирилиши сыяктуу талылуу маселелер менен катар өлкөнүн жалпы социалдык, экономикалык жана саясий багыттарын талкууга алганы жатканы бийликтин кыжырын келтирип, тоскоолдуктар болуп жатат дешет.

Ал эми оппозициянын миңдеген адамдар катышкан митингдеринен көрө, аз адам катышкан жыйын-курултайлары артык дегендер курултайга бут тосуулардын болуп жатканын жактырышпайт. Башкалары кандай болгон күндө да оппозиция 2005-2006-жылдардагыдай көптөгөн адамдарды көчөгө алып чыга албай турганын айтышат.

“Ата мекен” партиясынын төрагасы, Коомдук парламенттин лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев оппозициянын шаабайы сууп, мизи кайтып калды деген пикирлерге кошулбай турганын билдирди:

- Кыргызстанда оппозиция бар, ал абдан күчтүү. Бул идеологиялык, саясий планда дагы, уюштуруу планда дагы ушундай. Оппозиция “Акыйкат үчүн” кыймылынын алкагында, анын органдары болгон Коомдук парламент, курултайдын алкагында иш алып барып келатышат. Эгер биз тигил же бул маселе боюнча акция уюштурсак бизди тарапкерлерибиз колдойт, биз канча пландасак ошончо колдоого ээ болобуз. Бирок элди сүйрөп көчөгө чыгара берген да болбойт. Негизи бийлик ошого жеткирип атат да көбүнчө.

Айрым бийлик өкүлдөрү оппозиция ашыкча кетип, өзүнө бийликтин функцияларын ыйгарып, бардык маселелерди талкуулай башташты, курултай институтун оюнчукка айлантып алышты дешет. “Ак жол” партиясынын мүчөсү, депутат Зайнидин Курманов бул жаатта мындай дейт:

- Чынында курултай институту 24-март окуясына чоң салымын кошкон. Революция болор алдында курултай институту абдан эффективдүү болгон. Бирок азыр таптакыр башка процесстер жүрүп атпайбы. Азыр революциялык дем, толкун азайып калган.

XS
SM
MD
LG