Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

17:06 Каптал- Арыктагы окуучунун өлүмүнө байланышкан иш ачык сотто каралат


Ачык сот 3-апрель күнү Панфилов райондук акимияттын өзүндө өтөт. Соттун мындай тартипте өтүшүнө коомчулуктагы кайчы пикирлердин айтылышы негиз болду. Ошондой эле бул иштин акыйкат каралышына жергиликтүү бийлик да кызыкдар экенин билдирүүдө. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Каптал-Арыктагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин эки окуучусу 10-класста окуган Адилет Жүзүмалиевди сабап жатып өлтүрүп салышты деп маалымдашкан. Ага улай эле айыпталган тараптын жакындары маалымат жыйын өткөрүп, окуучунун өлүмүнө анын эски оорусу себеп болду деп чыгышкан. Учурунда бул ишке байланыштуу президентке чейин кайрылуу жолдонуп, ички иштер министри ишти өз көзөмөлүнө алган. (JJ)

XS
SM
MD
LG