Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Мусулмандардын пайгамбары Мохаммаддын чалмасында бомба тартылган шакаба сүрөтүнүн 2005-жылы Данияда жарыяланышы мусулман өлкөлөрүндө каргашалуу кагылышуулар менен аяктаган эле. Ошол эле мезгилде бул сүрөттөр ислам жана сөз эркиндиги тууралуу глобалдык талкууга түрткү болгон. Ал карикатураларды тарттырып, гезитке жарыялаган журналист-жазуучу Флеммиң Роуз даниялык Йилландз-Постен гезитинин маданият боюнча редактору. Ал сүрөттүн жакында башка өлкөлөрдө кайра басылышына жана ошондой эле голландиялык радикал саясатчы Геерт Уилдерстин жаңы чыккан даректүү тасмасына байланыштуу "Азаттык" радиосунун баяндамачысы Жереми Бранштен Флеммиң Роузга бир катар суроолор менен кайрылды.

-2006-жылдын башында сиз “Азаттыкка” маек бергенде, сиздин гезит жарыялаган карикатураларга байланыштуу эл аралык деңгээлде чуу чыгып жаткан мезгил болчу. Ошондо сиз Батыш менен исламдын, ошондой эле мусулман коомдорунун өз ичинде "маданий" согуш болуп жатат деп айткан элеңиз. Жакында теги мороккалык Даниянын жараны жана Тунистен эки киши Данияда камакка алынды. Алар силер жарыялаган шакаба сүрөттөрдү тарткан 73 жаштагы Курт Шестергаардды өлтүрмөк деп шектелүүдө. Буга жооп кылып, Европада бир нече гезит анын карикатураларын жарыялашты. Бул көптөгөн мусулмандарды нааразы кылды. Ошону менен эки жылдан кийин да көп нерсе өзгөргөн жок деп айтсак болобу?

– Жок, албетте. Эң кеминде Данияда өзгөрүү бар. Болбосо 17 гезит бүт дүйнөгө таанымал болуп калган чалмасында бомбасы бар Мухаммаддын шакаба сүрөтүн кайра баспайт эле. Бул сүрөт Данияда чуулгандуу болбой калды. Мындан эки жума мурда жаңы сурамжылоо Дания калкынын үчтөн экиси Мухаммаддын карикатурасын 2005-жылы жарыялаган туура болгон деп эсептээрин көрсөттү. Бирок бул талкууда Дания башка бир нече өлкөдөн алдыда турат. Бул Данияда, ал тургай мусулман калктын арасында чуулгандуу маселе болбой калды, бирок ал башка өлкөлөрдө талаштуу бойдон калып жатат. Ошол эле убакта мен муну "алар" менен "биздин" ортобуздагы жаңжал деп айтпайт элем. Исламдын ичинде маданий согуш жүрүп жатат. Бирок Данияда жана Европада бул талаш либералдуу демократиянын конституциясынын өзөгүн түзгөн асыл-нарктарды колдогон менен аны колдобогондордун ортосунда жүрүүдө. Либералдык асыл-нарктарды колдогондордун арасында көп мусулмандар бар. Иш жүзүндө, мындан 2 жарым жыл мурдагы карикатура кризисинде алардын азы гана козголду. Ошондуктан, бул талкуу уланып жатат, бирок бул бир күндө бүтүүчү талкуу эмес.

-Даниядагы мусулман жамаатынын ичинде кыймыл бар деп айтып жатасыз. Ал кандай кыймыл?

- Бул кыймылга интеграция жана демократия тууралуу фактыларга негизделген талкуулардын мурдагыдан алда-канча көп болуп жаткандыгы түрткү болду. Мисалы карикатура кризисинин тушунда Данияда демократиялык асыл-нарктарды баалаган бир нече мусулман уюм пайда болду. Алар Жакынкы Чыгышка барып, элди Данияга каршы үгүттөгөндөрдүн радикалдуу талаптарына каршы чыгышты.

Мындан тышкары, мени жана менин гезитимди сотко берем деп, Флеммиң Роуз 1 жарым миллиард мусулмандан кечирим сурабаса, бул чатак эч качан бүтпөйт деген мусулмандардын башчыларынын бири бул ирет "болуптур, биздин динди шылдыңдоого жол берген өлкөдө жашаарыбызды биз соттун чечиминен билдик, биз бул чечимди жактырбайбыз, бирок аны кабыл алышыбыз" керек деп айтып чыкты.

-Демек өкмөт жана тийиштүү органдар сөз эркиндигин колдоп, ал эми жергиликтүү мусулмандар бул укукту сыйлашы керектигин түшүнгөндөн улам, Данияда өзгөрүү болуп жатыптыр да?

- Менимче, мында бир нече фактор аралшкан, жана албетте өкмөттүн катуу тургандыгы абдан маанилүү. Ушундан улам кечээ жакында Интернетке жайгаштырылган Геерт Уилдерстин жаңы тасмасына байланыштуу маселе чыгып жатат.

Голландиянын өкмөтү эч ким көрө электе бул филмди цензуралаганга аракет кылган, бул акылга сыйбаган нерсе. Бүгүн ошондой эле учурда Европа Биримдигинин президенти болгон Словения Уилдерсти айыптаган Голландиянын өкмөтүнө колдоо билдирди. Менимче бул талкууда тең салмактуулук такыр болбой жатат. Уилдерс эч кимди "өлтүрөм" деп же башкача коркуткан жок. Ал акыркы үч жыл бою катуу кайтарууда жүрүп, филм тартты, эми аны эки күндүн биринде "өлтүрөбүз" деп коркутуп жатышат. Европада сөз эркиндиги жана ачык-айрым талаш сыяктуу түп-негиз баалуулуктун айланасында биримдик жок, баарынан коркунучтуусу ушул болуп жатат.

-Эми эмне кылыш керек? Европада көп өлкөлөрдө мусулмандардын саны өсүп жатат. Алардын кызыкчылыктарын да эске алуу мүмкүн эмеспи? Мисалы Европа коомчулугу эч кандай мунасага жол бербейби? "Биздин эрежени кабыл алгыла, же чыгып кеткиле" дегенден башканы айтпайбы? Деги ар бир адам өзүн ыңгайлуу сезип, урушуп-талашпай жашоонун жолун тапса болбойбу?

- Бул бир күндө бүтчү иш эмес, кайсы маселе боюнча элдешсе болот, кайсы маселеде компромисске орун жок экендигине жараша аракеттениш керек. Менимче, сөз эркиндиги боюнча компромисс болушу мүмкүн эмес. Мусулман өлкөлөрү жана Европадагы айрым мусулмандар диний сезимдерди коргоочу мыйзам керек деп жатышат. Бирок Советтер Союзунда да кылмыш кодексинде эки параграф болгон. Советтик жашоо образын коргоп, марксизм-ленинизмге шек келтирүүгө каршы жазылган ал мыйзамдарды жалаң диссиденттерге каршы пайдаланышкан. Мен Европанын да ушундай жолго түшүп кетишин каалабайт элем. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG