Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

11:27 Адилет министрлиги балдардын интернет клубдарга баруусун чектеген шаар кеңештин токтомун каттаган жок


Былтыркы жылдын 27-декабрында шаар кеңеши курагы 18 жашка жете элек өспүрүм балдарга сабак учурунда жана кечки саат жетиден кийин интернет клубдарына жана компьютердик оюн борборлоруна барууга тыюу салган токтом кабыл алган. Бишкек шаардык юстиция башкармалыгы аны каттоодон баш тартты. Башкармалыктын башчысы Нурболот Кутманов билдиргендей, бул токтом бир катар мыйзамдарга карама-каршы келүүдө. “Биринчи кезекте ишкерлердин жана балдардын укукатры бузуулуда. Ар бир компьютердик борборду текшерүүгө милдеттендирүү менен милицияга ашкыча жүк түшүп, муну менен кошо коррупцияга жол ачылаары айкын. Ата катары айрым балдардын компьютердик оюндарга берилип, мектепке барбай калганы мени да тынчсыздандырат. Анткен менен бул проблема башка жолдор менен чечилиши зарыл”, - деп билдирди Нурболот Кутманов. (JTo)

XS
SM
MD
LG