Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

УКУК КОРГООЧУЛАР АКШдан ШЫКТАНЫП КАЙТЫШТЫ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ жакында эле АКШда болуп, укук коргоо органдарынын жана жарандык коомдордун иштери менен жакындан таанышып келген укук коргоочу Назгүл Турдубекова “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Кечээ жакында эле АКШга барып укук коргоо органдарынын жана жарандык коомдордун иштери менен жакындан таанышып келиптирсиз. Ал жердеги сот, прокурор, полиция кызматынын адам укуктарына болгон мамилеси кандай экен?

-Биз Вашингтон, Колорадо, Спринг деген шаараларда болдук. Эки жуманын ичинде биз полиция органдарынын, сот, прокуратура системасы менен тааныштык. Алардын иштегенине биз таң калдык. Себеби бул системалар саясаттан көз карандысыз болушат экен. Биз сот процессине катыштык. Прокуратура жана сот органдары чечимдерин чыгарганда биринчиден адамдын тагдырын карашат экен, адамдын укугун сыйлашат экен. Мисалы, Кыргызстанда көп учурда сот чечимдер обвинительный болуп чыкса, негизи статистика боюнча 80-90 пайыз обвинительный приговор болуп чыгат, ал жерде ушундай пайыз чыгарабыз дешпейт экен.

-Ал эми адамдарга полиция кызматкерлеринин мамилеси кандай экен?

-Биз процессте карап атканда бул адвокатура, же прокуратура органдарынын мүчөлөрүбү деп ойлогонбуз, бизге айтышты бул полициянын офицерлери деп. Себеби алар кармалган адамдын тагдыры боюнча суроо бергенде, алар адвокат катары коргоп турду. Адамга жардам бериш керек, дагы бир шанс берели деп суранып турду.

-Ал эми Кыргызстанга салыштырмалуу АКШнын жарандык коомдор менен расмий бийликтин алака мамилеси кандай экен?

-Мындай деп айтып кетсек болот, эгерде Кыргызстанда жарандык коомуна биздин бийлик оппозиция аркылуу мамиле кылса, ал эми АКШда өкмөт системасы атуулдук организацияларга тыгыз иштешет экен. Бүт иштеген системасы жарандык уюмдардан гана тергелет экен. Кандай программа болобу, же процессуалдык заказ болобу, дароо жарандык уюмдарга берет экен. Себеби алар айтышат, атуулдук уюмдар бизге караганда профессионалдуу, алардын кызыкчылыгы көп, анан акчаны да башка жактардан көп издешип, табышып эффективдүү иштейт, биздин алыбыз болбойт. Ошондуктан биз системаны өзгөртөлү десек, жарандык уюмдар менен тыгыз иштешибиз керек деп.

-Назгүл айым, адам укуктары боюнча АКШдан алган тажрыйбаңызды Кыргызстанда колдонуу канчалык мүмкүн деп ойлойсуз?

-Мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн, эгерде өкмөт жагынан жана атуулдук уюмдар жактан максат бир болсо, анда биз АКШдагыдай эле эффективдүү, максаттуу иштеп кетсек болот.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG