Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Ысыккөлдө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/7E89E21D-411F-4728-A8E7-5E72AF392074.asp жердин сатылышын жана куруу иштерин жүргүзүүнү көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул сунуштун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каниметов “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Жангороз мырза, сиз көл жээгиндеги жакшы жерлерди чиновниктер өз ара бөлүп алышкан деп билдирдиңиз. Ошол аткаминерлердин аты-жөнүн айта аласызбы?

- Чынында ошол аткаминерлердин аты-жөнү айта албайм, бирок алар абдан көп. Көлдүн тегерегинде куру жер калган эмес. Бардыгы бөлүнгөн. Эң өкүнүчтүүсү – ошол бөлүнгөн жерлерди 5-10 гектардан бекер алып алышып, четинен сатып жатышат.

-Эми алар бир сотук жерди канчага сатып жаткандыгы тууралуу маалыматыңыз барбы?

-Бар, бир сотук жерди азыр 3-5 миң долларга сатып жатышат. Улам көлгө жакын жагы абдан кымбат болуп жатат. Ошол жердеги эл өзүнө, баласына үй салганга участок алып, ошолорду сатып жатканы дагы өкүнүчтүү. Мына ошолор машине алып, кандайдыр бир муктаждыктарга жумшап жатат. Ал эми көлдүн жээги өтө баалуу, касиеттүү жер экендигин биз сезбей жатабыз да.

Экинчи жагынан карап көргөндө, жерден башка дагы чоң проблема бар. 2004-жылы мен автор болуп, “Ысыккөлдүн экономикалык, экологиялык туруктуу өнүгүшү боюнча” мыйзам долбоорун киргиздим эле. Мында абдан чоң маселе каралган, мына ошол нерселер сакталбай жатат.

-Мына азыр кээ бир фирмалар көл жээгиндеги жерди сатып алууда. Бирок чындыгында бул фирмалардын артында, башкача айтканда, жердин чыныгы кожоюну казак жарандары болуп жатат деген маалымат бар...

-Ооба, бул туура маалымат. Мунун коркунучтуу жагы дагы бар. Ошол жерлердин бардыгын сатып алып, ал жерге заңгыраган үйлөрдү салып, алар сатып жатышат. Алар өздөрүнө чоң пайдаларды таап, Ысыккөлгө абдан чоң зыяндарды алып келүүдө. Ошол алган участоктордун үчтөн экиси жашылдандыруу болушу керек, үчтөн бири имарат болушу зарыл. Муну эч ким караган жок.

Ысыккөл – кыргыз элинин байлыгы. Экинчиден, бул туюк система, мындан суу агып чыкпайт. Өзүн-өзү тазалап турат. Бирок эгерде мындай көрүнүш улана берсе, эртең биз үчүн Ысыккөлдү сактоо абдан кыйын болуп калат.

-Мына өзүңүз дагы “Ысыккөл – Кыргызстандын байлыгы”, - деп айтып кеттиңиз. Эми ошол Кыргызстандын аймагындагы жакшы жерлерди сактап калуу үчүн эмне кылуу керек? Сиздин буга байланыштуу сунушуңуз барбы?

-Кыргызстандын аймагындагы жакшы жерди сактап калуу үчүн “Экономикалык туруктуу өнүгүү” мыйзамында бардыгы жазылган. Анда кандай аткарылышы керек, сууларды кандай сакташ керек экендиги айтылат.

-Бирок бул мыйзам аткарылып жатабы?

-Аткарылбай жатат. Ошон үчүн мен кечээ ушул эки багытта парламентте сунуш кылдым. Биринчиден, көлдү экологиялык жактан сактоо жана экономикалык туруктуу өнүгүү боюнча, ал эми экинчи маселе - ошол каалагандай, бекер берилген жерлерди бүгүн баа жеткис акчага сатып, ошого байып жаткандардын мыйзамдуу, же мыйзамсыз болгонун аныктоо. Эгерде мыйзамдуу болгон күндө дагы алар бекер алып туруп, булар ошончолук көп акча таап, элге чоң экологиялык зыян алып келип жаткандыгы боюнча дагы жоопкерчилик бериши керек да.

-Эгерде комиссия түзүлсө, анын курамы ошол эле чиновниктерден түзүлүп, буга байланыштуу маселени жең ичинен өз пайдасына чечип салбайбы?

-Биз комиссияга коомчулуктун дагы киришин сунуш кылабыз. Бул жеке чиновниктин, же болбосо бир акчалуу адамдардын кызыкчылыгы эмес, бул жалпы элдин кызыкчылыгы болушу керек. Бул Кыргызстандын байлыгы болушу керек.

-Көл жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга ижарага берүү тууралуу комитеттин чечимин “Ак жол” фракциясынын 52 депутаты колдоп берген экен. Сиз өзүңүз буга кандай көз караштасыз?

-Мен чынын айтайын, бул төрт пансионатты берүү боюнча өзүмдүн каршы пикиримди айтып дагы, жазып дагы гезиттерге бердим. Менин тегерегимде дагы мени колдогондор бар. Экинчиден, “бул партиянын чечими” деп ар кандай сөздөр айтылат. Мен ачык айтаар элем, президентке дагы, ошол партияга дагы толук тушүнүк берилбей жатат. Биз канча жолу айттык, бул жерди Кыргызстан менчигине алууга тууралуу үч жолу парламент караган.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG