Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

АКШ МЕНЕН ТИРЕШИП КЕЛАТКАН ИРАНДЫ ШАНХАЙ УЮМУ КАБЫЛ АЛАБЫ?


“Дипломатиялык обочодон чыгуунун жолун издеп келген Иран Кытай менен Росиянын таасири астында болгон ошондой эле Борбор Азия аймагында АКШнын коопсуздук кызыкчылыгына кыр көрсөтүү максатында түзүлгөн ШКУга толук мүчө болууга ынтызаарын билдирди” деп жазат Washington Times гезити. Ирандын тышкы иштер министири Манучехр Моттакинин өткөн айда Тажикстанда саякатта болгон учурунда бул тууралуу билдиргенин жазган гезит, “ШКУга мүчө өлкөлөр өзөктүк программасы жана Жакынкы Чыгыштагы радикалдуу исламчыл топторду жөлөмөлөөсү себептүү АКШ жана Европалык күчтөр менен тирешип келаткан Иранды мүчөлүккө кабыл алуу аркылуу Батыштын бүйүрүн кызытуудан тартынып келишет” деген пикир баяндаган. Ошондой эле, “Россиянын Батыш менен мамилеси солгун тартып, Москва менен Бейжин экөө тең, АКШнын Борбор Азия тууралуу узак мөөнөттү көздөгөн максаттарынан тынчы кетип жаткан бир учурда Тегерандын ШКУга мүчө болуу ыктымалы менен мындан ары эсептешпей коюуга болбойт. АКШ бардык күч кубаты менен так ушул мүмкүнчүлүкө каршы күрөшүүсү талап кылынат” деген “Heritage” фондунун адиси Ариел Кохендин пикирине орун берилген.

Eurasia View аталышындагы интернет баракчасы дагы бир жолу kазак Президенти Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиевдин маселесине кайрылган. “Казакстанда кайнатасынын бийлигин кулатыш максатында тымызын иш алып барган деп айыпталып, сыртынан 20 жылга кесилген Рахат Алиевке боору ачыгандардын саны анча көп эместир. Бирок айрым адистердин пикиринде, бийликтегилердин Алиевдин ишине болгон мамилеси өкүмөттүн өлкө ичинде болгондой чет элдердеги кебете кешпирине дагы ири зыян жеткирди” деп жазылган. Ммакалада ошондой эле “Свободо Слова” гезитинин башкы редактору Гулжан Ергалиеванын “ Рахат Алиевдин иллегалдуу иштерин катардагы эл 10 жыл мурда эле билчү, бирок алардын арасынан бир алакан киши гана ага каршы доошун көтөрүп аны менен күрөшүүгө батына алды. Так ошол кишилер кийин бандиттердин же болбосо сот өкүмүнүн курмандыгы болуп түрмөлөргө кетишти, менчиктеринен, ден соолугунан айрымдары өмүрүнөн ажырашты” деп жазгандары мисалга тартылган.

Neue Zurcher Zeitung НАТО уюмунун Бухаресттеги саммити жөнүндө комментарийлеп, “Батыштык шериктештер бул жолку жыйындарында Афганистан стратегияларын бекемдеп, Албания менен Хорватияга алянстын эшигин ачышты, Македония ал макамга жете алыш үчүн алдын ала аты тууралуу Грекия менен болгон чатагын чечүүсү талап кылынды” деп жазып чыккан. НАТОго мүчө өлкөлөр Европаны ракеталык коргонуу системанын коргоосуна алуу боюнча Вашингтондун планын колдоп чыгышканын билдирген NZZ, бул маселе НАТОнун келеерки саммитинде бүт жагынан иштелип чыгып, Румыния, Болгария, Түркия жана Грекия өңдүү АКШнын ракеталык коргонуу системасынын четинде калган өлкөлөрдү коргоого алуу маселеси чечиле турганын баяндайт.

“Конституциялык сот Түркиянын башкаруудагы партиясын бутага алды” деген баш сөз менен чыккан макаласында Лондондун Economist журналы мамлекеттик прокурордун анти-лайик иш аракеттердин очогуна айланып калган деп айыпталып аткан башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү партиясынын жабылуусу талап этилгенден кийин Түркияда пайда болгон кырдаалга сереп салган. “Түркиянын башкаруудагы мунайым-исламчыл маанайдагы Ак Партиясы менен менен өлкөнүн ашынган секуляристтери ортосундагы күрөш өзүнүн туу чокусуна чыкты” деп жазган Economist Конституциялык Сотто карала баштаган доонун натыйжасы Түркиянын келечегине, өзгөчө Европа Биримдигине кошулуу жөнүндөгүү өлкөнүн артыган үмүттөрүнө чоң таасир алып келерин эскерткен.
XS
SM
MD
LG