Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

УКРАИНА ЖАНА ГРУЗИЯДАН УЛАМ БАТЫШ МЕНЕН КОШМО ШТАТТАР АЛАКАСЫ СУУЙБУ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Жакында Бухаресте өткөн НАТОнун саммитинде Кошмо Штаттары менен Европанын ортосунда ал уюмду кеңейтүү маселеге келгенде пикир келишпөөчүлүк пайда болду. Грузия менен Украинаны альянска мүчө кылып алууну президент Жорж Буш сунуштап, ага Франция менен Германия каршы чыгышты. Анализчилер болжолунда мындай көрүнүштүн артында «эски» жана «жаңы» Европанын ортосунда атаандашуудан улам пайда болгон тирешүү жатат. Ошол эле учурда Ооганстан жана Ирактагы эл аралык терророчулукка каршы күрөш жана башка маселелерде түндүкатлантикалык уюмга мүчө 26 өлкө делегациялар ортосунда бир пикирге келишүү да болгон.

Орусиялык анализчилер баамында НАТОго мүчө өлкөлөр ичинде эки жаатка бөлүнүү байкалган. Алардын бири - «эски Европаны» б.а. батыш өлкөлөрүн, экинчиси - «жаңы Европаны» б.а. Американы ээрчишүүдө дешет.

Мурда социалисттик лагерге кирген Польша, Румыния сыяктуу мамлекеттер же Советтер союзунун карамагына кирген Литва, Латвия, Эстония дароо НАТОго өтө качуулары Орусиядай жаңы империянын пайда болушу түрткү болгон, ал эми Украина менен Грузиянын да ал альянска умтулуусуна Путиндин бийлиги себепкер болду. Эмне дегенде ал Кремлде турган сегиз жыл ичи Маскөө кайрадан кошуналарына коркунуч туудурган мамлекетке айланды дешет. Ал жеринен чыккан карамайы менен көгүлтүр отунун арага коюп, кол толгогонго машыгып алды. Ошол кысымдан улам Германия менен Франция демейдеги өнөгү Кошмо Штаттарына караганда, кийинки 17 жыл ичи Орусия менен түзүп алган дурус алакасын бузгусу келбей атат дешет.

Кандай болгон күндө да Украина менен Грузия бул жолку олтурумда альянска мүчө боло алышкан жок. Аларга убада берүү гана болду. Журналисттер алдында НАТОнун башкы катчысы Яап де Хооп Схеффер келечекте ал эки өлкөнү альянска мүчөлүккө алуу сөзсүз болорун айтты:

«Биз бул өлкөлөрдүн НАТОго мүчө болуу багытында жазган арыздарын кубаттай тургандыгыбызды билдирдик. Биз альянска мүчө өлкөлөр тышкы иштер министрлерине алардын арыздарын декабрде кароо ылайыктуу болот деген сунуш менен кайрылдык» - дейт Яап де Хооп Схеффер.

НАТОну аскерий жана анализчилер азыркы замандагы эң натыйжалуу жана эң кадырлуу аскерий түзүлүш ага кошулган өлкөлөр өз коопсуздугун толук камсыз кыла алат дешет. Ал эми НАТОну сындаган анализчилер ал мындан 59 жыл мурда «кансыз согуш» бар кезде түзүлгөн эле, эми «кансыз согуш» кайра жаралышы мүмкүн эмес, ошондуктан ал СССР жоюлганы кошо жоюлушу керек эле дешет.

Ошол аскерий уюмдун кезектеги олтуруму Бухаресте өтүп? ал жерде Кошмо Штаттар лидери демократиялык жолго жаңыдан түшүп атышкан, мурда коммунисттик режимди башанан өткөрүп калышкан Украина менен Грузияны ал уюмга алуу сунушун киргизген. Бирок алардын мүчө болуп өтүшүнө кез келе электигин белгилеп Германиянын канцлери Ангела Меркел каршы чыккан. Ага Франция кошулган.

«Коммерсант» гезити мындай жагдайды: «Орусияны ракеталык чабуулдан коргонуу системасын орнотууга көндүрүү үчүн Грузия менен Украинаны атайылап оюндан жыдытуу болду» - деп баалаган.

Маршалл атындагы стратегиялык борбордун талдоочусу Александр Гарин болсо демократиялык мамлекеттер олтурумунда «кеңешип кескен бармак оорубайт» лакабындай учурлар дайыма болуп турат:

«Өзүнүн түзүлүшү жагынан ала келгенде НАТО демократиялык ийкемдүү уюм. Анын ишкердигинде демократиялуулуктун жүрүшү кандайдыр бир башаламандыкты пайда кылат. Ошондуктан ал уюмда бир жакадан баш, бир этектен аяк чыгаруу деген болгон эмес жана жок».

XS
SM
MD
LG